Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Январь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 18:38

Пиво өндүргөн компания бийликке нааразы


БИШКЕК. Казакстанда өндүрүлгөн «Шымкент» пивосун алып келаткан 10 темир жол вагону жана 15 «КамАЗ» автомашинасы ушул жылдын 13-июлунан бери Кыргызстан менен Казакстандын чегарасынан өтө албай турат. Бул тууралуу бүгүн АКИпресс агенттигинде өткөн маалымат жыйынында «Шымкентпиво КGZ» уюмунун директору Сыргак Кожомкулов билдирди. Анын айтымында, буга Кыргызстандын спирт жана алкоголдук ичимдиктерди өндүрүү жана сактоого көзөмөл мамлекеттик инспекциясынын лицензия бербей жаткандыгы башкы себеп болду.

Сыргак Кожомкуловдун билдирүүсү боюнча, мамлекеттик инспекциянын лицензиясын «беш мүнөттө» алуу үчүн ага Бишкектин Эркиндик көчөсүндөгү 7-үйдө жайгашкан Кадыр Такаевге кайрылууну сунуш кылышкан. Такаев болсо Кожомкуловдон пивонун ар бир литри үчүн 3 сомдон берүүнү талап кылган. Сыргак Кожомкулов «Ал талап кылган сумманы эсептесем, бир жылда 360 миң долларды пара катары берет экем. Мен мындай акчаны ортомчуга бергичекти мамлекетке бергеним жакшы»,-деп көмүскө экономикага каршы күрөшүүгө бел байлаган.

Бул мүдөөсүнө жетүү үчүн спирт жана алкоголдук продукцияга көзөмөл салуу мамлекеттик инспекциясына каршы доо арызды сотко жолдогону жатат. Ал эми "Шымкент" пивосун сатуучулардын өкүлү Александр Лейтин сатуучулар өкмөт үйүнүн алдында нараазылык пикетке чыгышаарын кабарлады.

XS
SM
MD
LG