Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:59

Грузиянын президенти өлкөнүн куралдуу күчтөрүнүн башчысын кызматтан бошотту


Коргоо министрлигинин басма сөз өкүлү президенттин жардыгына ылайык армиянын башкы штабынын командачысы, генерал Гиви Иукуридзе иштен бошотулуп, анын милдетин орун басары, АКШда билим алган Вахтанг Капанидзе аткараарын жарыялады. Грузиянын премьер-министри Зураб Жвания телеинтервьюсунда өлкө президенти куралдуу күчтөрдүн башкы штабынын ишине канааттанбаганын белгиледи. Орусиялык кабар агенттиктери Саакашвили Грузиянын армиясы НАТОнун стандарттарына өтүп жаткандыктан, аны эми Батыштын аскердик мектебинен өткөн кишилер башкарышы керек деп айтканын маалымдашты. Грузиянын чыр-чатактар боюнча министри Гога Хаиндрава армия башчысын алмаштырууга сепаратисттик Түштүк Осетия менен атышууларда курман болгон 16 грузин аскеринин өлүмү шыкак болгонун белгиледи.

XS
SM
MD
LG