Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:14

"О, КЕРИМБАЙ КУЛУНУМ"


"Күүлөр баяны" аттуу түрмөгүбүздөн комузчулардын чыгармачылыктарында өнүгүп келген жанрдык түрү, теги, мазмуну жагынан жоктоо күүлөрүнө кирген "О, Керимбай кулунум" аттуу күү жөнүндөгү чакан музыкалык баяндаманы тартуу кылабыз.

Абалтан эле комузчулар ар кандай жанрлардагы, түрлөрдөгү күүлөрдү чыгаруу менен бирге жоктоо күүлөрүн да жаратышыптыр. Алар эл башчылары, эр жүрөк баатырлар, айтылуу шайырлар, кароол тутуп карманган кара чечекей балдарынан, өйдө чыкса өбөк, ылдый түшсө жөлөк болгон ага-тууган ж.б. айрылганда комузга шолоктогон жоктоо күүлөрүн чыгарышыптыр. Ошондой күүлөрдүн бири "О, Керимбай кулунум" аттуу жоктоо күүсү. Ал комузчулардын арасында "Керимбай", "Керимбай ботом" деген аттарда тараган. Кыргыз жергесине кеңеш өкмөтү орногон кезде Тоңдун Тогузбулагынан Сарбан Садык дегендин Керимбай аттуу уулу тың чыгат. Ичкерден окуп сабатын жоёт. Акыры ал эл камын жеген эр азаматтардан болот. Бирок күтүлбөгөн жерден күлгүн курагында каза табат. Ошондо атасы баласын жоктоп, мындайча ыр салган экен.

- Ой, Керимбай кулунум,

Каз каркылдап, көл сактайт,

Ак ылаачын чөл сактайт,

Карып бир калган ата-энең,

Ой, Керимбай, кулунум,

Кайда бир барып жан сактайт.

Адырга чыга оттосо,

Аргымак келет жем үчүн,

Айнегим, ботом, Керимбай,

Артыкча күйөм сен үчүн.

Аргымак атың чабылбай,

Айнектей көзүң жабылбай,

Атаны кокуй Керимбай,

Же айылымда жоксуң табылбай,

Айнектен аппак тунугум,

Арыбас тулпар кулунум,

Акылың артык булбулум

Асылым Керим кулунум-деп, зар ката көз жашын көлдөй төгүп жоктойт. Кийин комузчулар арасына кара күү түрүндө тарайт.
XS
SM
MD
LG