БАТКЕН. Лейлек районунун четиндеги Аксуу айыл өкмөтү Тажикстандын Расулов, Ганси жана Ноо деген үч району менен чектешет. Баткендеги "Эл аралык толеранттуулук үчүн" коомдук фонду менен Германиянын техникалык борборунун биргелешкен талдоо тобу ушул айда айыл өкмөттүн социалдык-экономикалык абалына 12 күндүк иликтөө жүргүзүштү. Облус бийлиги менен Швейцариянын өнүктүрүү, кызматташтык агенттигинин колдоосунда ишке ашкан бул иликтөө айыл өкмөттүн калкы соода-сатык иштерин негизинен Тажикстандын кошуналаш райондорунан жүргүзүшөрүн, чегара бекетинен өтүүдө көп тоскоолдуктарга, тажик чегарачыларынын мыйзамсыз аракеттерине тушугушаарын аныкташты. Элдин теңинен көбү жакыр, айыл өкмөтүнүн аймагындагы беш айылдын саламаттык сактоо тармагында абал бирдей начар. Маалымат муктаждыгы күч, кыргыз телекөрсөтүүсү көрсөтпөйт. Бир гана Өзбекстандын жаштар телеканалын көрүшөт. Аксуу дарыясынын жээгиндеги үлүш жерлерди улам четинен суу жууп, үйлөрдү сел каптоо коркунучу бар. Бул иликтөөнүн жыйынтыгы тиешелүү тараптарга сунушталып, анын негизиндеги жогорудагы маселелерди чечүүгө аракеттер көрүлөт. Мындай маалымат аталган топтон 27-августта алынды.