Европа комиссиясы бүгүн Грузиянын курамындагы Абхазия автономиясына жана өлкөнүн батыш бөлүгүндөгү аймактарга жардам катарында 4 млн. евро бөлгөндүгүн кабарлады. Европа комиссиясынын өкүлү Жин Эллермандын айтымында, комиссия Абхазияга каржылык жардам көрсөтүү менен бирге өткөн кылымдын 90-жылдарынан бери “унутта калган кризиске” кайра көңүл бурууга чакырат:
- Ал жерде бир канча миңдеген адамдар улам жер которууга муктаж. Андан сырткары, медициналык жардам да, тамак-аш азыктары да баардык эле үй-бүлөлөргө оңой менен жетпейт. Бул проблемалар өскөн сайын, тилекке каршы, Грузия ага эларалык коомчулуктун көңүлүн бура албады, - дейт Европа Комиссиясынын өкүлү Жин Эллерман.
Учурда Абхазияда бир айлык пенсия орточо эсеп менен 3 долларды түзөт. Бул жолу көрсөтүлүп жаткан жардам 80 миң адам үчүн тамак-аш таркатууга жана медицинаны жакшыртууга жумшалмакчы.