Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:34

ЭГЕМЕНДИК КҮНҮНӨ КАРАТА ЖУМА НАМАЗ ОКУЛДУ


27-августта Бишкектин Борбордук Аянтында Кыргызстандын эгемендик күнүн утурлап, бул майрамдын урматына жума намазы өттү. Сыйынууда Кыргызстандын муфтийи, мамлекеттик катчысы, бир катар чет өлкөлүк элчилер чыгып сүйлөштү.

Кыргыз мамлекетинин эгемендүүлүгүнүн урматына карата уюшулган жума намазды Кыргызстандын азирети муфтийи Муратаалы Ажы ачты:

- Урматтуу момун мусулмандар, бүгүн жума намазына чогулуп отурабыз. Ошону менен бир катарда Кыргызстандын көзкарандысыз түтүн булата баштаганына 13 жыл болуп, кош майрамды майрамдап отурабыз. Эгемендүүлүк бизди ушундай жерде намаз окуп, азан айтып, Кудайга сыйынууга жеткирди.

Муратаалы ажыдан кийин Кыргызстандын мамлекеттик катчысы Осмонакун Ибраимов сөз сүйлөп:

- Мына жакында Кыргыз республикасынын эгемендүүлүгүнүн 13 жылдык тоюн белгилейбиз. Ошого карата жума күнгө жамы мусулмандарды чогултуп, жерибизде тынчтык, элибизде кут болсун деп Кудайга сыйынып отурабыз. Бир замандарда борбордук аянтта селдечен намаз окуш эмес, тоо-ташта жашынып окуп калганбыз. Мечит куралган эмеспиз. Дин исламды баарыбыз туталы. Азыр башка динге өтүп кеткен учурлар болуп жатат. Ошондой балдарды үгүт-насыят менен, жылуу-жумшак сөз менен оң жолго буралы, - деди Осмонакун Ибраимов.

Жума намазга жыгылуунун жүрүшүндө Бишкектин мэри Медетбек Керимкулов, Түркиянын, Американын, Ирандын, Пакистандын Кыргызстандагы элчилери сөз сүйлөштү. Түркиянын Кыргызстандагы атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси Музеффер Эрөктөм:

- Кадырлуу бир туугандарым, кыргыз эли эгемендүүлүк майрамын дагы миң-миң жылдар белгилей беришин тилеймин! - деди.

Ал эми Американын Кыргызстандагы атайын жана толук ыйгарым элчиси Стивен Янг Кыргызстан дин эркиндигин камсыз кылууда Орто Азияда алдыңкы орунда тураарын белгиледи:

- Урматтуу достор, Американын элинин атынан, Америкадагы 8 млн. мусулмандардын атынан бүгүнкү жума намазда кыргыз эли менен бирге Кыргызстандын эгемендик майрамын майрамдап отурганыма кубанычтамын. Кыргызстан дин эркиндигин камсыз кылууда Орто Азия регионунда алдыңкы орунда турганын белгилеп кетким келет. Кудай баарыңарды колдосун! Майрамыңар кут болсун!

XS
SM
MD
LG