БУУ Судандын Дарфур аймагына гуманитардык жардам көргөзүп, Хартум өкмөтүн тынчтык процессине көндүрүүгө бир топ эле аракттенген.
Ошол эле мезгилде чөлкөмдөгү ырайымсыздыктарды токтотуш үчүн чечкиндүү чара көрүлө элек.
Уюмдун санактарына ылайык, Дарфурда 30 миңге чамалаш киши кырылып, 1,4 миллиондой адам жер которууга мажбур болду, 200 миңдейи болсо кошуна Чадда баш калкалап жүрөт. Мунун бардыгы тең араб согушкерлеринин карапайым калкка каршы жүргүзгөн зомбулук саясатынан келип чыккан.
Дарфур кризиси мындан 18 айдай илгери башталган эле. Чөлкөмдөгү ресурстардын адилетсиз бөлүштүрүлүшүнө нааразы болгон африкалык козголоңчулар тобу Судандын арабдар үстөмдүк кылган өкмөтүнө каршы көтөрүлгөн. Ага жооп катары, Жаньявид деп аталган араб согушкерлери карапайым калкка каршы күч колдоно башташты.
Бирок БУУнун эксперттери, Коопсуздук Кеңеши менен катар Дарфурдагы окуяларды геноцид деп атоого шашышпайт. Коопсуздук Кеңеши Судан өкмөтүнө согушкерлерди куралсыздандыруу үчүн 30-августка чейин убакыт берди. Болбосо кеңеш жазалоо чараларын көрө баштайт.
Америкада жайгашкан “Дарыгерлер адам укуктары үчүн” деген уюмдун өкүлү Жон Хеффернан Дарфурдагы кырдаалды күчөп бараткан геноцид деп сыпаттайт:
- Биз турак-жайлар, элдин маданий баалулуктары талкаланып, бүтүндөй айыл-кыштактарга уюшулган чабуул коюлганын, мал, үй-оокаттар менен кудуктардагы суу ууландырылганын далилдеген фактыларды аныктадык.
Улуттар уюмунун 1948-конвенциясына ылайык геноцид деп “улуттук, рассалык же диний топту толугу менен же анын бир бөлүгүн жок кылуу ниети менен жасалган аракет” аталат.
Бул жерде геноциддин юридикалык аныктамасы Дарфурдагы кырдаалга канчалык дал келет деген талаш туулуп жатат.
Аны менен бирге чөлкөмдөгү зомбулук фактылары көп болгондуктан, эл аралык коомчулук кечиктирилгис иш-чара көрүшү керек дейт Хьюман Райтс уочтун Африка боюнча адиси Жржет Ганон:
- Ал жерде болуп жаткандарды адамзатка каршы кылмыш, согуш кылмышы жана чоң масштабдагы этникалык тазалоо деп атаса болот. Судан өкмөтү менен БУУнун ишендирүүлөрүнө карабай, зомбулук уланууда.
Хартум өкмөтү согушкерлерге колдоо көрсөтүүдө деген айыптоолорду четке кагып, кырдаалды жөнгө салууда эл аралык коомчулук менен иштешүү ниетин билдирген эле.
Региондогу гуманитардык уюмдар жакындан бери Хартум алар менен кызматташа баштаганын, бирок өкмөттүн колдоосуна ээ болгон күчтөр Дарфурдун карапайым тургундарына каршы чабуулдарын улантып жатканын билдиришүүдө.
Бейшембиде БУУнун атайын өкүлү Коопсуздук Кеңешинде Дарфурдагы кырдаал жөнүндө отчетун угузат.
Уюмдун геноцидди алдын алуу боюнча кеңешчиси Хуан Мендес "Азаттыктын" кабарчысына берген интервьюсунда белгилегендей, чөлкөмдө укук бузуулар улана берсе, эл аралык коомчулук аларды токтотуу үчүн чара көрүүгө укуктуу:
- Менимче, Дарфурда геноцид орун алып жатабы же жокпу деген юридикалык талаштар конкреттүү иш-чараларга жолтоо болууда.
Укук коргоо уюмдары болсо Коопсуздук кеңеши адамзатка каршы кылмыштарды иликтөө үчүн Дарфурга атайын коммиссиясын жиберет деп үмүттөнүп жатышат.