Күз келди. Саясатка дагы. Бир нече айдан бери тыныгууда жаткан саясий күчтөр кадимкидей жанга кирип, өлкөнүн эң башкы саясий күрөшү - жергиликтүү кеңештерге, парламенттик шайлоого, ошондой эле, болочоктогу президенттик шайлоолорго даярдыктар жүрө баштады. Ал гана эмес, жай бою эс алууга кеткен эркин гезиттер да күзгү жарышка батыл кирип, өз үнүн саясий турмушка кошкону жатат.
«Жөжөнү күздө сана» дейт элдин накыл кеби. Демек, кыргыз саясий айдыңына да ошол "жөжөнү санай турган кез келди" дешет саясий байкоочулар. Алардын айтымында быйылкы парламенттик шайлоодогу күрөштөр мурда болуп көрбөгөн тактика менен коштолуп, саясий күчтөрдүн бири-бири менен болгон шериктештиктери жандана баштады. Сыртынан сыр билдирбегени менен бийлик да жаңы "саясий сюрпризди" камдап жатат дейт айрым байкоочулар.
Саясий чоң жарышка азыркы бийликте турган президенттин катышууга акысы барбы, же жокпу деген коңгуроолуу сууроо да өлкөнүн Конституциялык сотунда каралганы турат. Бул орчундуу маселенин айланасында ар кандай коомдук пикирлер жаралууда.
Деги эле өлкөнүн негизги саясий айдындагы быйылкы күз чыныгы саясий күрөш ыкмасына өтүп, өлкө саясий жаңы толкундоонун тутамында турат дешет байкоочулар. Ал тууралуу өз оюн саясат илиминин доктору, профессор Жолборс Жоробеков:
- Кыргызстанда быйыл күзүндө боло турган саясий салгылашуулар өтө кызуу, өтө өзгөчө болоору күтүлүүдө. Анткен себеби, биринчиден, быйыл эки палаталуу парламент жоюлуп, ордуна бир палаталуу парламент болуп, анын укуктары кеңейгендигине байланыштуу. Экинчиден, президенттикке шайлоо келерки жылдын күз айларында болот. Депутаттык корпус кандай куралат? Мына ушуга карата Кыргызстандын "саясий картасына" бир топ чоң өзгөрүүлөр болот.
Ошондой эле, быйылкы күз саясий партиялардын өзгөчө жанданышын жаратышы да мүмкүн деп эсептешет байкоочулар. Бул багытта "Атамекен" саясий партиясынын лидери, "Адилет шайлоо үчүн" граждандык кошуунунун теңтөрагасы Өмүрбек Текебаев:
- Кыргызстанда "саясий каникул" да аяктап келе жатат. Анын аякташы жергиликтүү кеңештерге шайлоонун башталышы менен дал келип отурат. Мен ойлойм, саясий партиялар жергиликтүү кеңештик шайлоолоррго катышуу активдигин күчөтүп, андан ары парламенттик жана президенттик шайлоолорго даярданат го деп. Ал эми биздин атуулдук кошундун ишин алып карасак, сентябрь айынын биринчи жарымында чоң жыйыныбызды өткөрүп, андан кийинки боло турган иш чараларыбызды белгилемекчибиз. Албетте, бул атуулдук кошуундун максаты шайлоолорду адилеттүү жана мыйзамдуу өткөрүү болгондуктан негизинен уюштуруу маселелери шайлоолордо байкоо жүргүзүү, шайлоочуларга, талапкерлерге жардам берүү маселелери каралмакчы - деди Өмүрбек Текебаев.
Ал эми өлкөнүн эркин маалымат каржаттары ар кайсы топтун кызыкчылыгын тейлөө максатында кайсы күчкө жан тартып, кайсы күчкө кара пиар жүргүзөөрү да жашыруун эмес дейт саясий байкоочулар. Эркин басма сөз беттеринде айрым саясий фигураларды ашкере мактап, атагын асмандатса, ал эми айрым саясатчыларды сындын кара нөшөрүндө калтырууда. Бул албетте, эч кандан саясий күрөш тактикасына жатпаса да, эзелтен шайлоолор алдында саясий күрөш ыкмасы ушундай нукка ооп келген дешет байкоочулар.
Өлкөнүн парламентине шайлоо саясий күчтөрдүн тең салмактуулугун бузуу менен саясий күчтөр үч негизги тутамга бөлүндү. Албетте, биринчиси азыркы бийликке ыктап, жан тарткандар, экинчиси ага теңирден тескери позицияны ээлеп, бийликти ашата сындагандар, ошондой эле, нейтралитетти сактаган саясий партиялар деп эсептейт коомдук пикир өкүлдөрү. Саясий теңсалмакты кармап калуу өлкөдө чоң проблеманы жарата турган болуп калды. Айтор, өлкө чоң саясий кармаштын босогосунда турат. Ал күрөш бийликтин тегерегинде жүрөт дейт байкоочулар.