Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Март, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:26

КӨКБӨРҮДӨН КЫРГЫЗСТАНДЫН КОМАНДАСЫ КАЗАКТАРГА УТУЛУП КАЛДЫ


Султанаалы Арстанбек, Бишкек 31-августта Бишкек калаасынын борбордук "Аккула" ат майданында Кыргыз Республикасынын Президентинин кубогу үчүн уюштурулган V эларалык көкбөрү мелдеши жыйынтыкталды. Кыргызстандын курама командасы жана Казакстандын курама командасы беттешкен кызыктуу финалдык таймаштын жыйынтыгы 5-6 эсебинде казактардын пайдасына чечилди.

Көкбөрү мелдеши дүйнөнүн 26 мамлекетинде ойнолуп жүргөндүгүн кызыкдарлардын тактаганы бар. Ошол "эрендердин эр оюну" аталган билектүү, күчтүүлөрдүн таймашы болгон көкбөрүнү эл аралык деңгээлге көтөрүп чыгып дүйнө алкагына таанытуу аракетин жасап келе жаткан кыргыз көкбөрүчүлөрүнүн жетекчилигинин демилгеси менен эл аралык таймаштын уюштурулуп келе жатканына быйыл беш жыл болот.

Кыргыз Республикасынын Прездентинин кубогу үчүн бешинчи ирет уюштурулуп жаткан юбилейлик таймашка беш мамлекеттин курама командаларынын катышкандыгы да символикалуу болуп калды. Бүгүнкү эгемендүүлүк күнүнүн урматына коюлган финалдык таймаштардын ачылыш аземи өз шаан-шөкөтү менен уланды.

Төрт күндүк беттешүүнүн натыйжасында таймашка катышкан алты команданын төртөөнүн тагдыры чечилип, алтынчы орунга Россия Федерациясынын Тоолуу Алтай Республикасынан келген курама команда татыктуу болсо, бешинчи орун Кытай Эл Республикасынан келген курама команданын энчисине тийди.

Кыргызстан-2 командасы менен Тажикстандан келген курама команданын беттешүүсү 9-9 эсебинде тең чыгуу менен аяктагандыктан конокторго алдыга өтүү мүмкүнчүлүгү берилип, Кыргызстан-2 командасы төртүнчү орундун ээси болду. Ал эми Тажикстандын курама командасы байгелүү үчүнчү орунга татыктуу болду.

31-августта биринчи, экинчи орундар үчүн Кыргызстан-1 курама командасы менен Казакстандын курама командасы беттешүүгө түштү. Мына ушул майрам салтанаты туурасында Эл аралык көкбөрү федерациясынын президенти Кайрат Сатыбалды мындай деди:

- Биринчиден, кыргыз элин эгемендүүлүк майрамы менен куттуктайм! Сонун касиеттүү улуттук көкбөрү оюнунун касиетин баарыбыз көрдүк. Ыйык Алатообузду бөлүп турган казак, кыргыз агайларыбыз аман болсун. Тойлордо чогуу болуп, достугубуз чыңалсын.

31-августта Кыргызстандын курама командасы жана Казакстандын курама командасы беттешкен кызыктуу финалдык таймаштын жыйынтыгы 5-6 эсебинде коноктордун пайдасына чечилди.
XS
SM
MD
LG