Франциянын 5 миллиондон ашуун мусулман жамаатынын негизги бөлүгү коомдук мектептерде окуган кыздардын сабакка хиджабчан баруусуна тыйуу салган мыйзамды жактаган эле. Алар француз журналисттерин Иракта барымтага алууну колдошкон жок.
Дүйшөмбү күнү Францияда эки журналистти бошотууну талап кылган ири демонстрациялар өттү. Акцияга жоолук салынган көптөгөн мусулман аялдар да катышты.
Мусулман динзарларынын кеңешинин башчысы Далил Бубакер Парижде өткөн демонстрацияда барымтачыларга кайрылып, аларды мээрбандыкка чакырды:
- Биздин Ирактагы агайиндерибиз биз өрт чыгып кетчү жагдайда турганыбызды билиши керек. Ошондуктан, биз аларды өз ара түшүнүүчүлүккө чакырабыз. Биз алардан өтүнүчүбүздү угуп, эки француз журналистти токтоосуз койо берүүлөрүн жана өз бүлөлөрү менен биригүүгө мүмкүнчүлүк берүүнү сурайбыз.
Далил Бубакердин айтымында, ал айрым мусулман аялдардын “хиджаб канды талап кылса, жоолукчан жүрүүнү каалабайбыз” деген кебин өз кулагы менен эшиткен.
Француз өкмөтү барымтачылардын талабын ошо замат четке какты. Өлкөнүн тышкы иштер министри Мишел Бернэр шейшемби күнү иорданиялык коллегасы Марван Муашер менен кездешип, барымтадагы журналисттердин өмүрүн сактап калуунун жолдорун сүйлөштү. Бэрнер андан бир күн илгери Каирдеги сапары учурунда хиджапка жана башка диний белгилерге тыйуу салган өлкө мыйзамын коргогон билдирүү жасады:
- Биздин Конституциябыз жана мыйзамдарыбыз өлкөдө жашаган ар бир жаранды бирдей коргоого алат, ошондой эле алардын абийир жана диний эркиндигин тегиз камсыздайт. Францияда жашаган 5 миллион мусулмандын ариет-намысын жана эркиндигин башка өз жарандардыкындай эле Француз Республикасы коргойт.
Франциянын фундаменталистчил ислам уюмдары биримдигинин жетекчиси Лаж Тами Брезе “Эркин Европа/ Азаттык” радиосуна берген интервьюда окуучу кыздардын ашыкча оронуп-чулганбай эле, чачын жолук менен бууп, заманбап кийинип жүрүүсү жөндүү деген пикирин билдирди:
- Жанагы мыйзам көзгө байкалбаган эмес, көзгө даана урунган белгилерге тыйуу салат. Мектептер бардык оркойгон диний белгилерге тыйуу салууну каалашат. Биз узун хиджабды колдобойбуз. Бирок кыздардын мойнун оробогон, чачын гана жашырган чарчы жоолукчан жүрүүсүн жактайбыз. Мындай жоолук Батыштын заманбап кийими менен айкашып туруш керек.
1-сентябрдан күчүнө кирчү мыйзам коомдо жаатчылыкты жана мусулмандарга ишенбөөчүлүк маанайын пайда кылат деген мугалимдер да бар. Алардын бири Жан-Пьер Клайндайнс Атлантика боюндагы Гавр шаарындагы Клод Монэ атындагы мектептин окутуучусу:
- Келаткан окуу жылында мыйзамдын оң-терс жактарын көрөбүз. Мусулман жамаатынын өкүлдөрү азбы же көппү радикалдуу көз карашта жана алардын ичинде өтө курчтары да бар. Ошондуктан, маселенин опурталдуу жагы да бар жана мен мурда эч жолуктурбаган проблемалар чыгып кетиши мүмкүн.