Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Февраль, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 21:48

ЮНИСЕФ Кыргызстанга 379 миң доллар берет


БИШКЕК. БУУнун балдарды коргоо фонду Кыргызстандагы жетим балдар үйлөрүнө 379 миң доллар бөлөт. Мындай маалыматты бүгүн «Кабар» агенттиги таратты. Ал кабарга караганда, каражат ЮНИСЕФге Жапония өкмөтү бөлгөн 2 миллион доллардын эсебинен берилет. Фонддун эсеби боюнча, Борбор Азияда 32 миң бала жетим балдар үйлөрүндө тарбияланууда. Булардан тышкары 30 миңдей үй-бүлөнүн балдары жакшы жашоого муктаж. Ошондуктан, Жапон өкмөтү бөлгөн каражаттын 444 миң доллары Казакстанга, 369 миң доллардан акча Тажикстан менен Түркмөнстанга, ал эми 439 миң доллар Өзбекстанга бөлүнөт. Бул каражат ЮНИСЕФтин «Ар бир бала үй-бүлөдө жашоого укуктуу» деген долбоорунун алкагында бала багып алган үй-бүлөлөрдүн санын көбөйтүүгө жана бала багып алган адамдарга колдоо көрсөтүүгө жумшалат.

XS
SM
MD
LG