Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:11

АКШ МУСУЛМАНДАРЫ БУШТУ КОЛДОЙБУ?


Эми Кошмо Штаттардын бийликтеги партиясынын – республикачылардын Нью-Йорк шаарында өтүп жаткан курултайы менен байланыштуу азыноолак кеп козгойлу. Курултайда «чү» деген жерден сөз алып сүйлөгөндөр – жергиликтүү мусулмандардын өкүлдөрү болду. Бирок бул – «бардык америкалык мусулмандар республикачыл президент Жорж Бушту колдошот» дегенди туюнтабы?

Нью-Йорк шаардык полициясынын мусулман кызматкерлеринин имамы Исак ал-Муйид Паша үстүбүздөгү аптада өз ишин баштаган АКШнын Республикачыл партиясынын курултайынын ачылыш салтанатында келме келтирип, «Курандын» сүрөөлөрүнөн аяттарды англисче которуп окуп берди:

- «О, динге ишенгендер, Алла алдындагы парызыңарды аткарууга астейдил мамиле кылгыла, туура сүйлөгүлө. Кудай силердин иш-аракетиңерди туура баалайт, калпыстык кетирсеңер, аны кечирет. Кимде-ким Кудайга жана анын элчисине баш ийсе, ал, албетте, мыкты ийгиликке жетишет”.

Имам Исак ал-Муйид Пашадан соң, башка мусулмандар да чыгып сүйлөдү. Алардын бири, түпкү теги ирактык Зайнаб ас-Суваййи айым өз сөзүндө Саддам Хусейндин диктатордук режимин кулаткан президент Жорж Уокер Буштун Ирактагы саясатын толук колдоорун билдирди.

Деги, бардык эле америкалык мусулмандар президент Бушту колдошобу?

Америка менен мусулман дүйнөсүнүн карым-катнашы боюнча кеңештин басма сөз өкүлү Ибрахим Хуупердин оюнча, дээрлик жети миллиондуу америкалык мусулмандардын көйгөйлөрү республикачылардын көңүл чордонуна жетиштүү алына элек.

Аларга салыштырмалуу, президенттикке талапкер демократ Жон Керри мусулмандардын укугун коргоо маселесин арбыныраак козгоодо. Маселен, демократтар «АКШнын патриоттук акты» аттуу талаш-тартыштуу мыйзамды кайра карап чыгууну талап кылышууда, - дейт Хуупер:

- Атуулдук укуктар жана калк көйгөйүн чечүү жолун издөө өңүтүнөн алганда, бул эки партиянын айырмачылыгы өлкөнүн ички саясий майданында айгинелениши мүмкүн. Демократтар мусулман жамаатынын көйгөйлөрүн чечүүгө багытталган долбоорлорду сунуштоо жагынан көбүрөөк аракет кылууда.

Соңку сурамжылоолорго караганда, АКШдагы мусулмандардын жана араб тектүү шайлоочулардын басымдуу көпчүлүгү Жорж Бушту эмес, Жон Керрини колдоодо.

Ал эми азыркы президентти жактаган америкалык мусулмандар болсо Жорж Буштун Палестина боюнча саясаты ургаалдуу жана заманбап деп белгилешет. Алардын бири – калифорниялык конгрессмен Дарил Иса:

- Израилдиктер үчүн тынчтык жана коопсуздук, палестиналыктар үчүн – тынчтык жана бакыбаттык, эгемен Палестина мамлекети, Иракта болсо – демократиялык түзүлүш куруу – дал ушул мүдөөлөр президент Буштун өз артында калтыра турган мурасынан болуп калмакчы.

Республикачыларды колдогон мусулмандардын өкүлдөрү Охайо, Пенсилвания жана Флорида сыяктуу мусулман жамааттары көбүрөөк жайгашкан аймактарда шайлоо өнөктүгүн байма-бай жүргүзүү ниетин билдиришүүдө.

Алар ноябрдагы президенттик шайлоого чейин саналуу апталар гана калган чакта америкалык мусулмандардын көпчүлүгүнүн жылуу маанайын президент Бушка имерип бере алаар бекен? Азырынча бир беткей айтуу кыйын болгон суроолордун бири – дал ушул.
XS
SM
MD
LG