Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:42

Донорлор жолугушту


БИШКЕК. Кечээ кечинде өкмөт үйүндө вице-премьер-министр Жоомарт Оторбаевдин төрагалыгында 5- инвестициялык матрицанын долбоору талкууланды. Консультативдик кеңештин катчылыгы тараткан маалыматка караганда, талкууга Азия, Европа өнүгүү банктары, Эл аралык Валюта кору, Улуттар Уюму, Европа Коопсуздук жана Кызматташтык уюму баш болгон эл аралык уюмдардын Кыргызстандагы 15 өкүлү катышты. 5-матрицанын долбоорунда белгиленгенге караганда, ал экономиканы жөнгө салууда мамлекеттик тоскоолдуктарды азайтуу, салык саясатын, салык жыйноону инвестицияга колдоо көрсөтүүгө ылайыктоо өңдүү багыттар боюнча ишке ашат. Бул маселелерди ишке ашырууда маалыматтын ачык-айкындыгын, милдеттүү түрдө коомдук талкууга чыгарууну негизги өңүт катары кароо белгиленген. Инвестиция тартуу максатында салык саясатын жана салык жыйноонун тартибин өркүндөтүү 2004-2005-жылдары ишке аша турган матрицанын башкы багыттарынан болуп саналат.

XS
SM
MD
LG