Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:18

АКЫРКЫ КЕЗДЕ СИМФОНИЯЛЫК ЧЫГАРМАЛАР ЖАЗЫЛБАЙ КАЛДЫ


Султан Раев, Бишкек Кыргыз профессионал музыкасынын туу чокусун айгинелеген симфониялык чыгармалар акыркы он жыл аралыгында жазылбай калды. Cоюз мезгилинде атагы алыска кеткен улут музыкасынын бүгүнкү ал-абалы оор.

Чындыгында эле музыкалык чыгармалардын туу чокусу катары эсептелген симфониялык чыгармалардын акыркы он жылда жазылбай жаткандыгы, жазылса да ал кеңири угарман дүйнөсүнө жетпей жаткандыгы бул жанрдын өмүрү кыcкарып бараткандыгын каңкуулайт.

Атактуу Тулеев, Эрматов, Молдобасанов, Давлесовдордун ысымы менен тыгыз байланышкан бул жанрдын өнүкпөй жатышы улут музыка өнөрүндөгү тыныгуу катары бааланат дейт адистер. Кийин көчтүн өкүлдөрүнүн алдыңкы сабында бараткан Муратбек Бегалиев, Сталбек Бактыгулов, Каныкей Медетбекова сыяктуу композиторлор өздөрүнүн алгачкы чыгармалары аркылуу музыка дүйнөсүндөгү чоң үмүттү жараткан эле.

Айрыкча, таланттуу композитор Муратбек Бегалиевдин чыгармачылыгы эл аралык абройлуу конкурстарда кадыресе сөз болуп, анын келечегине зор үмүт аркаланган эле. Бирок музыка дүйнөсүндөгү бул чоң "полотнолордун" жазылбай жатышын адистер бир нече себептен улам көрүшөт. Бул жагдайды музыка изилдөөчү Сагыналы Субаналиев:

- Биринчиден, мамлекет тарабынан каржыланбай калды чыгармалардын жаралышы, суроо-талап берүү. Экинчиден, композиторлорго мамлекет тарабынан шарт түзүп берүү маселеси дагы жокко чыгарылды. Үчүнчүдөн, бул чыгармалардын аткарылышы да күмөн болуп калды. Себеби биздин азыркы чыгармачыл уюмдардын, аткаруучу топтордун аткаруучулук саясаты теңирден тетири кетип калды. Анткени биздин өлкөбүздөгү композиторлорбуздун чыгармаларын жайылтуу, элге таанытуу маселеси артка сүрүлүп ташталды. Биз өзүбүздү унутуп, таштап коюп, чет мамлекеттик авторлордун чыгармаларын аткарып атабыз, кыйратып атабыз деп жүрөбүз. Булар бизсиз деле аткарылып жүргөн, аткарылып жатат, аткарыла бермекчи. Ал эми биздин өзүбүздүн композиторлорубуздун чыгармаларын дүйнөгө таратууну колго алууну таштап койдук. Муну бизден башка эч ким кылбайт.

Ал эми композиторлор симфония жанрынын жазылбай жатышынын негизги себептери катары мына бул жагдайды эсептейт. Ал тууралуу композитор Сталбек Бактыгулов:

- Симфониянын жазылбай калышына бир себеп бар. Практика жүзүндө тилекке каршы, ушундай учурга туш келдим. Өзүмдүн денеме жакын жанрлардын бири - симфониялык жанр. Биз коллегалар бири-бирибизге, заманга шылтабай кенен мамиле кылсак жакшы болоор эле. Себеби азыр симфониялык чыгармаларды композиторлор жазбай калды деп айта албайм. Ар бир композитордун өзүнүн тагдыры бар. Бирок жазылган күндө да аткаруучулук мүмкүнчүлүгү жокко эсе. Мен композитор катары белгилей кетейин, жазганың менен, ошол жазганыңды уга албасаң бара-бара бул жанр өзүнөн-өзү өчүп калышы мүмкүн. Бул жанрда иштеп аткан композиторлор эң негизги чыграмаларын жазуу менен бирге уга билиши керек. Себеби бул бардык жанрлардан эң татаал жанрлардын бири болуп эсептелет.

Арийне, тек гана композиторлордун бул татаал жанрдан обочолонуп бараткандыгынын мисалы эмес. Ал бүгүнкү улут маданиятыбыздын ал-абалы, маданиятыбызга болгон мамиленин да көрсөткүчү.

Акыркы жылдардын аралыгында композиторлордун чыгармаларын кабыл алуу, аны пропагандалоо, угармандарга жеткирүү чоң проблемага айланган. Өлкөдө чыгарма жаратуунун башкы стимулу да жок. Кийинки кезде өткөрүлүп жаткан ар кандай маанидеги концерттердин негизги өзөгүн мындан он беш, жыйырма жыл мурда жазылган симфониялык музыкалар түзөт.

Симфония жанры тек гана музыканын гана туу чокусу эмес, ал улуттук музыка өнөрүнүн да бийиктиги катары эсептелинет. Бирок азырынча ал бийийктик көрүнбөйт деп баалашат музыка адистери.
XS
SM
MD
LG