Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Январь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:25

"СУРКОЁН"


Эмки кезек "Бабалардын мурасы" аттуу түрмөгүбүздө. Баатыр Күлчорону далай жолу өлүмдөн алып калган, жүрөгүндө кыпындай карасы жок шердин канатына айланган, тулпардын тулпары Суркоён жөнүндө чакан баяндаманы тартуулайбыз.

Эр жүрөк баатыр Күлчоронун "Найза сайып, тоо, адам өлүп боо түшкөн, чабышкан жерлери коо, жер көрүнбөй чаң, эрлер былчыйышып нан болгон, кандуу айгышкан салгылаштарда минген тулпары Суркоён экен. Анда башка тулпарларга мнөздүү учкаяктык, адамдан калышпаган аң-сезимдүүлүк күч, касиет бар экен.

Күлчоро Суркоёнду минердин алдында: "Колдоп жүргөн Кожосан, Колтугунан жөлөсүн, Кожо Кыдыр, Шаймерден, Карачаар кабылан капталынан көздөсүн" деп бата кылып, анан аттанчу экен.

Залкар манасчы Саякбай Каралаевдин айтуусунда Күлчоронун Суркоён аттуу тулпары төмөнкүдөй сүрөттөлүптүр. Айтуучу - Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Асанкан Жуманалиев:

-Күлчоронун Суркоён,
Жети сууну жердеген,
Жарыш кылган жер менен,
Аркасы бийик, зээри зор,
Күлүктүгү бир башка,
Маңдайында тумарча,
Көркөмдүү күлүк, көйкашка,
Төгөрөк туяк жылкыдан
Күлүктүгү бир башка,
Болот така кактырган,
Болумдуу күлүк экен деп,
Жодур чал сынчы жактырган.
Туу куйругу туура алтын,
Кээде жибек, кээде кыл,
Олбуй, солбуй камчы уруп,
Оң, тетири теминсе,
Койдой эти бөлүнгөн,
Коёндой жону түзөлүп,
Араандай оозу ачылып,
Бүрүшүп калган туягы,
Жолум үйдөй жазылган,
Жардан жалт деп койбогон,
Дарыя кечсе ойногон,
Көк болоттой дат алган,
Көлдү айланып, чөп кечип,
Көнүп калган Суркоён.
Күркүрөгөн дайранын
Агынын көздөй маталган,
Алтын така, күмүш мык,
Төрт бутуңда жаркылдап,
Басып чыккан жорголоп,
Булгаары тердик көк токум,
Бурчунан суусу тамчылап.
Чөлгө салса ээликкен,
Мээ кайнаган ысыкта,
Тайгылып, тайып баспаган,
Күүлөнгөндө баш бербей,
Тарттырбастан дыркырап,
Туякка тийген катуу таш
Талкан болуп быркырап,
Арышы арбын ачылган,
Аны минген Күлчоро
Дерт - кумардан жазылган,
Умачтай көзү ачылган,
Канатым экен буудан деп,
Капа-чери жазылган.
Айкырып найза сунушса,
Булуттай учуп бойлогон,
Канча дөө менен кагышса,
Бели ийилип койбогон,
Белгилүү тулпар, Суркоён.
Найза сунса кылт койгон,
Кагышып жүрүп катыккан,
Суркоён деп атыккан.
XS
SM
MD
LG