Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:38

Киркуктагы жанкечти жардыруудан 17 киши мерт болду


Ирактын түндүгүндөгү Киркук калаасында машинедеги бомба жарылуусунан кеминде 17 киши набыт кетип, дагы 20дайы жараат алышты. Жергиликтүү полиция башчысы жардыруу Аскердик академиянын алдында болгонун маалымдады. Ушул аймактарда АКШ аскерлери менен Ирактын өкмөттүк күчтөрү козголоңчуларга каршы рейд өткөрүшүп, эки кишини өлтүрүшкөн. Ирактын түштүгүндөгү Басра шаарында козголоңчулар мунай куурун жардырганы кабарланды. Жергиликтүү полиция жардыруу шаардан 30 чакырымдай алыстыкта орун алганын, ал жерде азыр өрт өчүргүчтөр иштеп жатышканын билдирди. Ал тапта америкалык учактар Мосулдун тегерегине сокку урушту. Ирактын утурумдук улуттук жыйыны чогулуп жаткан имаратты бүгүн козголоңчулар минометтон аткылашты.

XS
SM
MD
LG