Германиянын канцлери Герхард Шрөдердин Социал-демократтык партиясы кечээ күнү батыштагы Саарланд жеринде болгон шайлоодо 31 процент гана добуш топтоду. Бул 1999-жылкы шайлоого салыштырганда 14 процентке аз.
Консервативдүү Христиан—демократтык партия - ХДП үчүн шайлоочулардын 47,5 проценти добуш берди. Натыйжада, ХДП дагы беш жылга Саарланд жеринин мыйзам чыгаруу кеңешин башкарып калат.
Байкоочулардын айтымында, добуш берүүнүн жыйынтыгы эл Шрөдердин экономикалык саясатына нааразы экенин күбөлөйт.