Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:09

Кыргыз-өзбек чегарасынын талашы көп


БИШКЕК. Аксы районунун Өзбекстан менен чектешкен жеринде жашаган 18 үй-бүлөнүн огороду Өзбекстандын аймагында, үйү Кыргызстандын аймагында калып, материалдык жана моралдык кыйынчылыктарга дуушар болуп жатышат. Бул тууралуу бүгүн Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты Азимбек Бекназаров билдирип, өкмөт алардын тагдырын тезинен чечүүсү зарыл деп белгиледи.

Ал эми өкмөт башчы Николай Танаев алардын багын таштатып биротоло көчүрүп алуу Өзбекстан менен чегарадагы талаштуу жерлерди аныктоого терс таасир тийгизээрин, ушундан улам алардын тагдыры жакын арада чечилбесин билдирди.

Танаевдин айтымында, азыр Өзбекстан менен Кыргызстандын чегарасында 77 талаш жер бар. Маселени бул күндөрү кыргыз-өзбек чегарасы боюнча өкмөттөр аралык комиссия Ташкенде иликтеп жатат.

«Кыргыз тарап чегара 1955-жылы түзүлгөн карта боюнча такталыш керек десе, өзбек тарап 1924-жылкы картанын негизинде чийилиш керек деп жатат, бирок биз өз ниетибизден кайтпайбыз»,- деди өкмөт башчы Николай Танаев.

XS
SM
MD
LG