Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:28

БЕСЛАН КЫРГЫНЫ ТУУРАЛУУ КАРАПАЙЫМ ОРУСИЯЛЫКТАРДЫН ПИКИРЛЕРИ


Муса Мураталиев, Москва Бесланда 7-сентябрда да барымтага түшүп курман болгондордун сөөгүн жерге берүү болду. Азыркы тушта баш-аягы 190 кишинин сөөгүн жерге берүү болду. Алардын көпчүлүгү шаардык №1 орто мектептин окуучулары, ошондой эле алардын эне-аталары, мугалимдери болду. Бирок Бесланда курман болгондордун жалпы эсеби ушубакка тактала элек. Карапайым орусиялыктарды кыжырданткан маселе ушул болууда.

Орусияда улуттук аза күтүү көп шаарларда элдин көчөгө чыгуусу менен коштолду. 7-сентябрда Кремлдин батышындагы «Васильевский спуск» айдөөштө орусиялыктардын митинги өттү. Ага башка шаарлардан да өкүлдөр катышты. Күндүз жолдон жолуккан карыянын айтканы мындай болду эле:

- Бул митингди бийлик уюштуруптур. Тааныштарымдан уктум. Уюмдарды милдеттүү түрдө барасыңар деп кыйнап атыптыр. Ошол себептен мен мындай митингге баруудан баш тарттым.

Канткен менен көчөдө элдин көңүлүндө Бесландагы кан төгүшүү орноп калганы байкалат. Орусиялыктардын башына апаат түшүрүп аткандар, баарыдан мурда, кавказдан чыккандар деп эсептеген киши:

- Мындайча айтканда, кавказ жеринен чыккан улуттагылардын баарын поездге олтургузуп туруп айдаш керек, - дейт.

Бирок мындай ойдун кайраштырма экенин ошол эле жерде турган орус аял айтты:

- Менин эсебимде, кавказ эли эле болсо күнөөлүү деш туура эмес. Күнөө башкаларда, башка бир чөйрөлөрдө…

Санкт-Петербургдагы жөөттөр коомдук борборунун деректири Александр Френкель бул маселени чечүүдө бийлик менен элдин алакасы жакшы болушу керек дейт:

- Бийликке эл ишенбей калганда улуттук биримдик, улутук мүдөө аралары ажырап кетет. Расмий булактардын маалыматтары кишилерди күмөн саната баштагандан тартып элдин бийликке ишенбей калуусу жаралат.

Ал эми Бесландан келген маалыматка караганда кечөө ал калаада бийликтин уруксаты жок элдин көчөгө чыгуусу болгон. Баш-аягы 1000дей киши 6 саатча көчөдө нааразылык акциясын жасаган. Алар койгон талап эмне болгонун «Азаттыктын» кабарчысы Владимир Бабурин айтты:

- Көчөгө чыккандар Түндүк Осетия президенти Дзасоховдун иштен кетүүсүн, ошондой эле, өлгөн барымтачылар менен качып кутулуп кеткен барымтачылардын аты-жөнүн тез аранын ичинде жарыялашын талап кылышты.

Жыйынтыктай келгенде, азыркы тушта карапайым орусиялыктардын эсинде «эмне себептен адамдар бири-бирин өңүнөн тааныган чакан калаа Бесланда бийлик барымтага түшкөндөрдүн эсебин эки күн, эки түн эсептей албады? Эмне себептен ат көтөргүс курал-жарак эч жерден тоскоолдуксуз мектепке жетти? Эмне себептен жергиликтүү бийлик, ошондой эле федералдык бийлик барымтага алуу болуп атса ал жерге барып барымтадагыларды куткарууга катышпады? Барымтачылар эч кандай талап койгон жок дегенге ишенсе болобу?» - деген суроолор коюлууда.

XS
SM
MD
LG