КАБУЛ. Кабулда Түндүк аскери альянстын командачысы, 2001-жылы киши колдуу болуп өлгөн Ахмад Шах Массудду эскерүү үчүн миңдеген оогандар чогулушту. Кабулдун улуттук стадионунда өткөрүлгөн эскерүү каадасына Ооганстандын президенти Хамид Карзай жана башка жетекчилер катышты. 1980-жылдарда, Шах Массуддун кол алдындагы аскерлер советтик оккупацияга каршы ийгиликтүү согушкан лидерлердин бири эле. Андан соң Шах Массуддун аскерлери Талибанга каршы күрөшкөн. Массуд 2001-жылы журналисттин кейпин кийип алып, камераларына катылган бомбаларды жардырып жиберишкен эки согушкердин колунан курман болгон.
Дүйнөлүк соңку жаңылыктарды Баян Жумакадыр кызы Прагадан даярдады.
Дүйнөлүк соңку жаңылыктарды Баян Жумакадыр кызы Прагадан даярдады.