Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:33

Гуманитардык уюмдар Ирактан чыгып кетет


БАГДАД. Иракта иштеп жаткан эл аралык бейөкмөт гуманитардык уюмдардын координатору өлкөдө орун алып жаткан барымта окуяларына байланыштуу уюмдар өз кызматкерлерин Ирактан чыгарып кете турганын айтты. Бул жөнүндө билдирген Жан-Доминик Бюнел уюмдардын өкүлдөрү менен сүйлөшкөнүн жана алар өлкөдөн өз кызматкерлерин чыгарып кетүүгө камынып жатышканын кошумчалады. Доминик айрым уюмдар эбак эле чыгып кеткенин, гуманитардык уюмдар жума күнгө чейинки аба каттамдарынын баарын толук ээлеп койушканын кошумчалады.

XS
SM
MD
LG