Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Март, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 08:25

11-СЕНТЯБРДЫН КАСКАГЫ


Султан Раев, Бишкек Дүйнөлүк адамзат тарыхына 11-сентябрдагы Америкадагы террордук жардыруулар эң трагедиялуу окуя катары кирди. Саясий серепчилер бул окуяны - дүйнөлүк коркунучтун дагы бир кара барагы катары баалашууда. Бул апаат адамзат алдына глобалдык жаңы коркунуч жаратты.

Мезгилдин парадоксун азыркы тапта аңдоонун өзү да кыйынга туруп калды. Адамзат өнүгүүсү жаңы багытта. Дүйнөлүк интеграция процесси, ааламдаштыруу арааны жүрүп жатканда, азыркы цивилизациянын эч бир рамкасына сыйбаган коркунуч Домокл кылычындай адам баласынын так төбөсүнө келип илинди. Асыресе, чек араны да, өлкөнү да, улутту да, ал гана эмес динди да билбеген дүйнөлүк терроризмдин кулачы болуп көрбөгөндөй жайылды.

Терроризм - алсыраган Ооганстанга окшогон өлкөлөрдү гана эмес, дүйнөнүн чыгырыгын айланткан супердержавалардын алдында да коопсуздук маселесинин жаңы проблемасын жаратты дейт адистер. Дүйнө - терроризмдин коркунучу алдында турат дешет саясий серепчилер. Айрым байкоочулар Америка трагедиясы дүйнөлүк ой жүгүртүүнүн багытын таптакыр башка нукка бурду, геосаясий кырдаал да чукул өзгөрүлдү дешет. Мына ушул ой тутамынан улам дүйнөгө кеңири белгилүү Кыргыз эл жазуучусу Чыңгыз Айтматов:

- Цивилизациянын деңгээлинде мыкаачылыктар, зөөкүрлүктөр пайда болуусунун эмне себеби бар? Бардык жагынан жетилип турган цивилизацияда ушунун өзү бардыгыбызды чоң ойго салышы керек. Мындан ары да мындай зөөкүрлүктөр турмушубузду бүлдүрө береби? Канча кишинин убалына калышты? Жер жүзүнө, бүт адамзатына таркаган кейиштүү чоң окуя болду, - дейт.

Терроризм тек гана чоң державалардын баш ооруткан проблемасы гана эмес, жалпы адамзаттык проблемага айланды. Айрым аналитиктер терроризмди дүйнөдөгү мамиленин жаңы спиралы катары бааласа, кээ бир идеологдор бул окуяны "цивилизациялар кагылышы катары" баалоодо. Бул багытта белгилүү саясатчы Адахан Мадумаров:

- 11-сентябрдагы кайгылуу теракттан кийин дүйнөлүк теракт бар экендигин эске албай, теңсинбей жүргөн Америка чындыгында терроризм эмне экендигине көзү жетти. Бул жагынан дүйнө чындыгында өзгөрдү.

Терроризмдин негизги кыртышын диний экстремизм менен тең караган ойлор да айтылып жаткандыгы, ал гана эмес террордук актарды диний топтор өз мойнуна алып, диндин туусу астында бул иштерге барып жаткандыгы дүйнөлүк массалык маалымат каражаттарында байма-бай айтылып келет. Бул мааниден өз оюн кыргыз парламентинин депутаты, саясатчы Марат Султанов мындай билдирди:

- Азыркы кезде согуштун жаңы түрү ачылды, террордук согуш. Бул жерде биз эч качан мындай цивилизациянын кагылышуусу болуп жатат деп айта албайбыз. Себеби, террористтердин арасында мусулмандар дагы, христиандар дагы, кандайдыр бир кудайга ишенген адамдар да бар. Ислам менен христиандардын ортосундагы кагылышуу деп 100 пайыз айтууга болбойт. Караңгы күчтөр менен аң сезими жетик адамдардын ортосунда кагылышуу болуп атат.

11-сентябрда дүйнөнү дүңгүрөткөн терроризм жалпы адамзаттын айыгышкан душманы экенин көрсөттү дейт байкоочулар. Терроризм менен күрөшүүдө бардык мамлекеттердин тилектештиги зарыл, анткени анын коркунучунан эч ким сыртта калбайт деп баалашат алар.

XS
SM
MD
LG