Бейшемби күнү чыккан «Трибуна» гезитинде «Бесландагы терракт» деген макала орун алды. Анда Түндүк Осетиянын Бесландагы жардыруунун күбөлөрүнүн кеңири баяндамасы чыкты. Ушул эле темада «Общественный рейтинг» гезити да маалымдады. Мындан сырткары күйүүчү, майлоочу майлардын баасын кантип токтотуу керек? Бул тууралуу «Трибуна» гезитинин кабарчысы ой-пикирин билдирди.
Биринчи жарым жыл ичинде Кыргызстанда 53 500 бала төрөлдү. Демографиялык жактан өлкөдө өсүү байкалууда, ал эми өлүмдөрдүн санынын көрсөткүчү төмөндөдү. Эгер мурунку жыл менен салыштырып көрсөк, анда жарым жылда 20 700 гана бала төрөлгөн. Бул тууралуу «Общественный рейтинг» гезитинин кабарчысы Наргиза Кожомкулова кеңири фактыларды тартуулады.
Aл эми 10-сентябрда жарыкка чыга турган «Аалам» гезитинин кыскача мазмуну менен басылманын жооптуу катчысы Нарынкүл Назаралиева тааныштырат:
- Аалам гезитинин жума күнкү санында экс-министр, экс-элчи Мамбетжунус Абыловдун "Акаев бийликтен кеткенден кийин аны сындоонун эч кандай кажети жок" деген маеги кетип жатат. Анда оппозициянын биримдиги жок, бирок биригүүгө аракет жасап жаткандыгы чындык деп айтылат. Ошондой эле Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты Бакыт Керимбеков менен маек орун алды. Анда ал Ысыккөлдүн айланасындагы жерлерди ижарага берүүгө макул эмесмин деген пикирин билдирди. Ошондой эле депутат Алишер Абдимомунов менен маек жарыланды.
Эми Кыргыз-Орусия (Славян) университети Россия Федерациясынын тунгуч президенти Борис Ельциндин ысымын алып жүрмөкчү. Бул тууралуу 9-сентябрда чыккан «Вечерний Бишкек» гезити маалымдады. "Менин ысымым бир да балдар бакчасына коюлган эмес. Ал эми бул жерде бүтүндөй университетке коюлуп жатат! Пушкиндин аты ыйгарылса болмок экен. Бул тууралуу мага алдын ала эч ким айткан эмес. Буга каршы эч нерсе деп айта албайм",-деген пикирин Борис Ельцин билдирди.
ЖКнын Мыйзам чыгаруу жыйынынын экономикалык саясат жана ишкердүүлүк боюнча комитетинин кезектеги отурумунда өз ара мамилелерди териштирүү мушташ менен аяктады. Мушташка ар кандай салмак категорияларындагы жана көз караштагы депутаттар чыгышты деп кабарлайт басылма. Бул ирет мамиле териштирүүнүн демилгечиси Акбөкөн Таштанбеков болуптур.
Бүгүн басыла турган «Эркинтоо» гезитинин негизги макалаларынын мазмуну туурасында гезиттин жооптуу катчысы Асан Жунусов мындай деди:
- «Эркинтоо» гезитинин бүгүнкү санында Түндүк Осетиядагы Беслан шаарындагы террактка байланыштуу Бишкекте өткөн митинг тууралуу материал жарык көрдү. Мындан тышкары маркум А.Масалиевдин атын түбөлүккө калтыруу жөнүндө токтом жарыяланды. Ошондой эле келе турган парламенттик жана президенттик шайлоолор алдындагы оюндар куч алды, ушул темада «Кыргызалтындын» мурунку жетекчиси Дастан Сарыгулов жөнүндө макала чыкты. Ошондой эле Ысыккөлдө болуп жаткан спорттук оюндар тууралуу маалымат жарыяланып жатат.