БИШКЕК. Орус-чечен согушунун башталганынын он жылдыгына жана дүйнө коомчулугунун көңүлүн өзүнө бурган Түндүк Осетиядагы террордук аракеттерге удаалаш мамлекет башчы Аскар Акаев өз жардыгы менен Кыргыз-Россия (Славян) университетине Орусиянын биринчи президенти Борис Ельциндин ысымын ыйгарышы, эл аралык террорчулукту айыптаган дүйнө коомчулугунун алдында бүтүндөй кыргыз коомчулугунун бетине көө жабуу менен барабар. Анткени Бесландагы кайгылуу окуяга алып келген Орус-чечен согушу 1994-жылы Орусиянын ошол кездеги президенти Борис Ельциндин жардыгы менен башталган. Мындай мазмундагы билдирүүнү бүгүн Кыргызстан укук коргоо кыймылынын аткаруу комитети таратты.
Ошондой эле билдирүү ээлери Аскар Акаев мындай жардыгын келээрки президенттик шайлоодо Орусиянын жана Кыргызстандагы орус улуттундагылардын көңүлүн алуу максатында бергендигин айтышып, мамлекет башчысынан Кыргыз-Россия (Славян) университетине Борис Ельциндин ысымын ыйгаруу тууралуу жардыгын жокко чыгарууну суранышкан.
Кошумчалай кетүүчү нерсе, ушул эле күнү президенттин маалымат катчысы Абдил Сегизбаев аталган университетке Борис Ельциндин ысымы эки өлкөнүн ортосундагы байланышты чыңдоо максатында берилгендигин айтып, жогорудагыдай билдирүүдөгү айыптоолорду «улут аралык араздашууга болгон аракет» деп баалады.