Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Январь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:14

АКШ Суданга каршы экономикалык чектөө киргизүүнү сунуш кылууда


АКШ жетекчилиги Бириккен Улуттарга кайрылып, Африканын Судан мамлекетиндеги кара түстүүлөргө каршы аракеттерди тукум курут саясаты деп баалап, Суданга каршы экономикалык чектөө киргизүүгө чакырды. Мамлекеттик катчы Колин Пауэлл 9-сентябрда билдиргенге караганда, Судандын Дарфур аймагындагы окуяларды геноцид деп сыпаттоо керек. Түштүк Кореяда жүргөн Судандын тышкы иштер министри Мустафа Осман Исмаил болсо Пауэллдин айтканын катуу сынга алды:

- Билбей туруп, Иракта кеңири кыруучу курал бар деп айтканы сыяктуу, АКШ азыр дагы дароо эле Суданда геноцид болуп жатат деп айтууда.

Бириккен Улуттардын Коопсуздук Кеңешинин мүчөлөрүнүн пикири болсо ар башка жана АКШ сунуштаган резолюция өтпөй калышы мүмкүн. Кытай менен Пакистан Судандан мунай сатып алат. Акыркы айларда Дарфурда 50 миңге жакын адам өлүп, бир миллионго жакын киши жер которууга аргасыз болду.

XS
SM
MD
LG