Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:11

ЖЕНКИНСТИ АКШ КЕЧИРЕБИ?


Акыркы 40 жылдай өмүрүн Түндүк Кореяда өткөргөн америкалык сержант Чарлз Женкинс ишембиде АКШ бийликтерине багынып берди. Аны Пентагон "чыккынчы" деп жарыялаган. Анын аялын Түндүк Кореялык тыңчылар Жапониядан уурдап кетишкен. Бул үй-бүлө баянын журналисттер – "кансыз согуштун курмандыгына айланган махабат" деп атап жүрүшөт. Азыр эми 39 жылдан кийин колго түшүп берген улгайган, оорулуу аскерин Вашингтон кандай жазалайт деп эл аралык коомчулук кулак түрүп калган кез.

Чынында да дүйнөлүк саясат бир үй-бүлөнүн тагдырына кандай таасир эте аларын дал ушул Женкинстин башынан өткөндөр далилдей алат. 39 жылдык өмүрүн Түндүк Кореяда өткөргөн Чарлз Женкинс Токионун чет жагындагы "Зама" деген жердеги америкалык базага 11-сентябрь күнү барып, багынып берди.

Базанын кире беришинде күтүп турган журналисттер, жүздөгөн телекамералар анын: "Мен, сержант Женкинс, буларды билдирем",- деген сөздөрүнө күбө болушту. Анын айткандарына удаа тиги тараптан: "Сиз эми АКШ армиясынын көзөмөлү астындасыз", - деген жооп жаңырды.

Чарлз Женкинс 1965-жылы Түштүк Кореядагы базада күзөттө турган жеринен табышмактуу жагдайда жоголуп кеткен. Ал кандайча коңшулаш коммунисттик Түндүк Кореяга барып калганын эч жерде ачык айтпаса да, Пхеньян тарапка өз ниети менен өтүп кеткени тууралуу кат жазганы бар. Түндүк Кореяда өткөргөн жылдары ал маалымат каражаттарындагы антиамерикалык берүүлөргө активдүү катышып, көркөм тасмаларда эч кимди аябаган ырайымсыз америкалыкты аткарып, болочок тыңчыларга англис тилин окутуп жүрдү. Анын Америкадагы туугандары бирок сержант Женкинсти чынында Пхеньяндын чалгындоо кызматы уурдап кетип, жогорудагыдай иштерди жасоого мажбурлаган деп канкакшап келатышат.


Дүйнөдө коммунисттер менен капиталисттер ортосундагы "кансыз согуш" кызып турган 1978-жылы Пхеньяндык тыңчылар Жапониянын батыш тарабындагы чакан аралда медсестра болуп иштеп жүргөн жеринен Хитоми Сога деген жаш кызды уурдап кетишкен. Кийин ал Түндүк Кореяда англис тилин окуп жүрүп, Чарлз Женкинске жолугуп калып, саясий күрөштүн айынан туулуп-өскөн мекенинен алыс жерде жашап калган. Экөө бири-бирин сүйүп калып, баш кошуп, эки кыздуу болушат.


Дүйнөдө саясат өзгөрүп, "кансыз согуштун" табы кайтып калган 2000-жылы Жапониянын премьери Дзюнитиро Коидзуми Түндүк Кореяга барып, уурдалып кеткен жапон жарандарын өзү менен алып кеткенде, мекенин сагынган Хитоми Сога да күйөөсү менен эки кызын Пхеньянда калтырып, Токиого жөнөп калат. Чарлз Женкинс анда аялы менен кошо барса, жапон бийликтери аны эки өлкөнүн ортосундагы келишимге ылайык АКШга өткөрүп берет деп чочулап, Түндүк Кореяда калып калган.

Ошондо бул үй-бүлөнүн тагдыры эл аралык коомчулуктун назарын өзүнө буруп, токиолук гезиттер эки жакка ажырап калган үй-бүлөгө жаны ачып, Вашингтон улгайган аскеринин күнөөсүн ырайым этиши керек деп жазып чыгышкан.

Андан эки жыл өткөндөн кийин - ушул жайда Чарлз Женкинс бойго жеткен эки кызын алып алып, Индонезия аркылуу Жапонияга барды. Жакартадагы аэропортто улгайып, өңдөн азган, таяк таянган Женкинс жапон аялы менен мээримдүү кучакташып көрүшкөнү, эки кызынын ыйлаганы бардык жапон маалымат каражаттарында чагылдырылып, аларда "бул үй-бүлө - оту өчкөн "кансыз согуштун" азабын качанга дейре тартат?" – деген суроо жаңырып турду. Ишемби күнү күйөөсү Америкадан жансоога сураар алдында да Хитоми Сога жакшылыктан үмүт үзбөй турганын кайталады:

- Мен төртөөбүз акыры биригип, менин туулган жерим Садо аралына барып чогуу жашайбыз деп ишенем, - деди ал толкундана.


Азырынча анын бул үмүтү качан ишке ашары белгисиз. Американын аскер жетекчилери Женкинстин ишин иликтөөгө кеминде бир нече ай кетерин билдиришти. Тергөө аяктап, сотто тагдыры чечилгенге дейре ал АКШнын "Зама" базасында мурдагы аскердик кийимин кийип, кадимки сержанттын айлыгын алып жашоо улантмакчы.
  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тартып «Азаттыктын» Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстандагы жана чөлкөмдөгү окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин жана аспирантурасын аяктаган.​

     

XS
SM
MD
LG