Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:25

«Менин өлкөм» конференция өткөрдү


БИШКЕК. Бүгүн «Менин өлкөм» саясий партиясы кезектеги конференциясын өткөрдү. Анда партиянын бир жыл ичинде аткарган иштери боюнча координациялык кеңештин төрагасы, вице-премьер-министр Жоомарт Оторбаевдин отчёту угулуп, жергиликтүү кеңештерге талапкерлер көрсөтүлдү. Конференциянын чечимине ылайык шаардык кеңештерге 84 талапкер көрсөтүлдү. Алардын ичинен Бишкек шаардык кеңешке 30, Карабалта шаарына 18, Нарынга 13, Жалалабадга 1, Таласка 3, Баткенге 1 талапкер сунушталды.

Конференцияда белгилүү болгон маалыматтарга караганда, аталган партиянын 7570 мүчөсү бар. Алардын 2500ү акыркы 10 айда мүчөлүккө өткөн. «Менин өлкөм» саясий партиясы 1998-жылы юстиция министрлигинен каттоодон өткөн жана өзүн чордончул партиялардын катарына кошот.

XS
SM
MD
LG