Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Февраль, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 18:50

3 жыл мурдагы каргашаны башка өлкөлөр да эскерип жатышат


СИДНЕЙ. 11-сентябрдагы окуяларды башка өлкөлөр да эскерип жатышат. Австралиянын өкмөт башчысы Жон Хауард террорго каршы күрөш узак жана кандуу боло тургандыгын айтты:

- Биз алынган маалыматка жараша өз учурунда чара көрүп, элчиликтерибиздин коопсуздугун бекемдөөбүз керек. Шериктештер жана тарапкерлерибиз менен тыгыз кызматташуубуз зарыл. Террорчулукка каршы күрөш узак жана кандуу болот,- деди Хауард.

Япониянын өкмөт башчысы Хироюки Хосад терроризмдин алдын алуу үчүн ар бир өлкө чара көрүүсү керек, деп айтты.

Өлкөдөгү элчиликтерди ыктымал боло турган террордук чабуулдардан коргоо үчүн Пакистан жүздөгөн кошумча аскерлерди тартты.

XS
SM
MD
LG