Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:06

ЖОГОТУУЛАРДЫ КЫСКАРТУУ МҮМКҮНБҮ?


13-сентябрда Бишкектеги “Хаят” мейманканасында Кыргызстанда электр энергиясын жоготууну кыскартууга арналган тегерек стол жыйын башталды. Аны АКШнын USAID агенттиги уюштуруп, эксперттер маселе боюнча өз пикир, сунуштарын ортого салууда.

Тегерек стол жыйынга энергетика боюнча президенттин өкүлү Жантөрө Сатыбалдыев баш болгон энергетика тармагынын кызматкерлери, АКШнын USAID агенттигинин Кыргызстандагы өкүлү Клиффорд Браун жана эксперттер катышууда. USAIDдин Борбор Азия регионунда энергетика боюнча долборлорунун жетекчиси Майк Биддисон жыйынды ачып, жоготууларды кыскартуунун жолдору боюнча ой бөлүшүүгө чакырды. Ал эми Клиффорд Браун энергетика тармагын Кыргызстандын экономикасынын алтын таажысы деп атап, бул байлыкты сарамжалдуу пайдаланбоо кейиштүү натыйжаларга алып келиши ыктымалдыгын белгиледи.

Ал эми Жантөрө Сатыбалдиев тармакта түзүлгөн кырдаал тууралуу маалымат берди:

- Бүгүнкү күндө биздин энергетика тармагыбыз эң оор мезгилди башынан өткөрүүдө. Жоготуулар өтө көп. Акча толук чогултулбай, дебитордук карыздын көлөмү эбегейсиз болуп турат. Мен жетектеген мекеме түзүлгөндөн бери топтолгон накталай акчанын көлөмү көбөйдү. Маселен, 2003-жылдын январь-август айында 560 миллион сом топтолсо, быйылкы жылдын ушул мезгилинде 1 миллиард 171 миллион сом чогулттук. Бирок бул жетишсиз болууда.

Анын айтымында, учурда жоготуулардын көлөмү 40% ашууда. Коммерциялык жоготуулар деген-уурулук. Аны кыскартуу үчүн жакындаган шайлоо кампанияларына карабай чечкиндүү кадамдарга баруу керек. Жоготуулардын көптүгүнө мыйзамдагы карама-каршылыктар да шарт түзүүдө, деп белгиледи Жантөрө Сатыбалдиев.

USAIDдин өкүлү Клиффорд Браун жоготуулардын көлөмүн аныктоону ГЭСтерде өндүрүлгөн энергиянын эсебин так алуудан башташ керек деп белгиледи:

- Эгерде силер өндүрүлгөн энергияны так эсепке албасаңар, ар бир үйгө, ишкерлердин мекеме-ишканаларына бирден эсептегич койсоңор да жоготуунун көлөмүн так аныктай албайсыңар, Силерде 8 ГЭС бар. Алардын экөөсүнө биздин долбоордун алкагында жаңы эсептегичтерди койдук. Ушундай эсептегичтерди бардык жерге орнотууңар керек.

Анын эсеби боюнча, энергетика тармагы жыл сайын 50 миллион доллар жоготууда. Жабдуулардын эскирүүсү менен тармактын бир жери иштен чыкса Кыргызстандын экономикасына өтө оор сокку болот. Ошондуктан ага өтө жоопкерчиликтүү мамиле керек, деп белгиледи Браун.

Армениядан келген эксперт Армен Арзуманян Кыргызстандын электр тармагындагы көптөгөн кемчиликтерге токтолду. Анын маалыматы боюнча, өлкөнүн жогорку чыңалуудагы электр линияларында жоготуу 8.15% түзөт. Бул өтө көп. Ал 4% ашпоого тийиш. Андан сырткары расмий уруксатсыз электр энергиясын экспорттоо орун алууда. Эсептегичтер эски. Эң башкысы силерде электр энергиясын көзөмөлдөө механизми жок. Аны орнотуш керек, деди Армен Арзуманян. Ал Армениядагы энергетика тармагындагы абалга токтолуп, кезинде Кыргызстандагыдай абал болгон. Бирок учурда жакшы. Абалды түзөө үчүн жогорку бийликте саясий эрк болуш керек деген Арзуманян:

- Бизде электр энергиясы үчүн төлөбөгөн министр болобу, ким болбосун ачык айтылып, коомдо төлөбөстүккө келишкис кырдаал түзүлгөн. Күчтүү энергетика министри бардык жоопкерчиликти мойнуна алып, абалды түзөп кетти. Биз эсепти күчөттүк. Эсептегичтерди өз каражатыбызга сатып алып орноттук. Ал өзүн тез эле актады. Азыр бизде техникалык жоготуу 11%, коммерциялык жоготуу 7%.Төлөө болсо толук жүрүүдө.

Бул тегерек стол жыйын 14-сентябрда да уланат. Анын жүрүшүндө кыргызстандык адисттер эксперттерге суроолорун берүүдө. Ушундай талкуунун соңунда Кыргызстанда электр энергиясын жоготууларды кантип кыскартуу боюнча сунуштар, план иштелип чыгып, өкмөткө, парламентке жолдонмокчу.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG