Соңку иликтөөлөр көргөзгөндөй, АКШнын Борбордук Чалгындоо башкармалыгынын көрсөтмөсү менен Кызыл Чырым эл аралык уюмунун инспекторлоруна Ирактын абактарында отурган 100гө жакын киши менен жолугушууга мүмкүнчүлүк берилген эмес. Бул өз кезегинде Женева конвенциясын бузуу болуп саналат. Эл аралык келишимге ылайык, Кызыл Чырым конвенцияга кошулган мамлекеттерден согуш туткундары жөнүндө маалымат алып турууга укуктуу.
Ушу тапта атайын тергөөчүлөр Ирак, Ооганстан жана Кубанын Гуантанамо Бэй жергесиндеги америкалык абактардагы уруп-сабоо, зордуктоо, атүгүл адамдарды өлтүрүү боюнча 300дөй фактыны иликтеп жатышат.
Азыркыга чейин төмөнкү даражадагы аскерлерге гана айып тагылды.
Бирок аскерий тергөөчүлөрдүн бири, генерал Керндин өткөн бейшембиде Сенаттын куралдуу күчтөр боюнча комитетинде жасаган билдирүүсүнөн АКШ армиясынын Ирактагы мурдагы командачысы генерал Рикардо Санчес өңдүү эң жогорку офицерлер дагы жоопко тартылышы ыктымал деген жыйынтык чыгарса болот.
Коргоо министри Доналд Рамсфелд жума күнү кабарчылардын суроолоруна жооп берип, Абу Грэйбдеги мыйзам бузуулар жөнүндө мындай деди:
- Абу Грэйбде тартылган сүрөттөр үрөй учурат. Мындай зөөкүрдүк кайталанбашы керек. Коргоо департаментинде муну түшүнбөгөн же билбеген адам жок.
Аны менен бирге Рамсфелд айрым америкалыктардын иш-аракеттери кандай өкүнүчтүү болбосун, Ирактагы жоочулардын ырайымсыздыгы андан да өтөт деп кошумчалады.
Министрдин ырастоосунда, Ирактын абактарындагы укук бузуулар Вашингтон саясатынын натыйжасы эмес. Ал эми августтун этегинде көз карандысыз комиссия жасаган отчетто Пентагон туткундагыларга карата мыкаачылык (садисттик) маанайга салым кошкон деген тыянак айтылган. Шлессингер тобунун баяндамасында коргоо тармагындагы чечилбей келаткан проблемалар түрмөдөгү мыйзам бузууларга огожо болуп берген деп айтылган.
Алдыда айтылгандай, генерал Санчести да жоопко тартуу мүмкүнчүлүгү жокко чыгарылбайт. Америкалык армиянын эс алуудагы полковниги Кенет Аллард кабарчыбыз менен болгон маегинде: “Бул Санчес сөзсүз түрдө соттолот дегенди билдирбейт, бирок аскерий тергөөчүнүн мындай ыктымалдык жөнүндө сөз кылышы эле генералдын карьерасы аяктады дегенге жатат,” - деп божомолдойт:
- Сен генерал болсоң, кол астыңдагылар үчүн жооп бересиң. Алар эмне кылып жатат, кайсы жерден ката кетиришти, мунун бардыгына сен жооптуусуң. Погондордогу жылдыздар менен кошо чоң жоопкерчилик да пайда болот.
Анын пикиринде, Санчес Абу Грэйб абагынын жетекчисин кызматынан алууга тийиш эле.