Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:55

ИРАН ТАЖИКСТАНГА “ДАРЧА” КУРУП, БОРБОР АЗИЯГА “ЭШИК” АЧУУДА


Тажикстан 1990-жылдардын башында Москвадан күнкорсуздук алганда, аны Иран алгачкылардан болуп тааныган эле. Ошондон бери окшош тилдүү эки мамлекеттин кызматташуусу ылдам өнүгүп барат. Президент Мохаммад Хатаминин 14-сентябрда аяктаган визити да эки жак үчүн жемиштүү болду. Иран өкмөтү Сангтуда ГЭСинин курулушун бүткөрүүгө 250 миллион доллар кошмок болду.

Иран президенти Мохаммад Хатаминин сапарынан, тажик журналисти Салим Аюбовдун сөзүнчө, Дүйшөмбүдө өтө көптү күтүп жатышкан:

- Бул сапарга Тажикстанда өзгөчө маани берип жатышкан. Себеби эки тарапта тең ортодо сөз көп болуп, реалдуу иштер жок деген нааразылыктар айтылып жаткан. Мохаммад Хатами келери менен Сангтуда ГЭСинин жана Анзоб тонеллинин курулушуна барып, өз ара келишимдердин аткарылышына кызыкдар экенин көрсөттү.

Мохаммад Хатами жекшемби күнү президент Эмомали Рахмонов менен болгон кездешүүдө Иран Тажикстанга экономикалык жардам берерин айтты:

-Биздин Тажикстан менен болгон саясый жана стратегиялык кызматташуубуз түрдүү тармактарды камтый турганынан шек санабаңыздар. Биз Тажикстандын өсүп-өркүндөөсүн өзүбүздүн өнүккөнүбүз катары билебиз.

Хатами Иран келерки беш жылда Тажикстанга 700 миллион доллардан көп инвестиция салат деп жарыя да кылды.

Ал акчанын 250 миллион долларына Иран 1989-жылдан бери бүтпөй жаткан Сангтуда ГЭСинин акцияларын сатып алганын президент Рахмонов тастыктады:

- Сангтуда ГЭСинин акцияларынын 51 проценти Иран Ислам Республикасыныкы. Акциялардын калган 49 проценти Тажикстанга жана башка өлкөлөргө, анын ичинде Россияга таандык. Электростанциянын курулушун төрт жыл ичинде бүткөрүүгө Иран 250 миллион доллар убада кылды. Россия Федерациясы 100 миллион доллар берет.

Москвада чыкчу “Коммерсант” басылмасынын жазышынча, Сангтуда ГЭСин башкарууга мүмкүндүк берчү контролдук пакети же баалуу кагаздардын 51 процентин Россиянын “ЕЭС Россия” корпорациясы 100 миллион долларга алыш керек болчу. Иран ал үчүн 2,5 эсе көп акча берүүгө макул келгени Тажик тарап чоң сүйүнүчтө экенин жашырбады.

Дүйшөмбүдөгү сүйлөшүүдө Тажикстанды Ооганстан аркылуу Иранга туташтырчу даңгыр жолдун долбоору да талкууланды. Бул жолдун Иранды Ооганстандын батышындагы Герат шаары менен бириктирген 110 чакырымы курулуп бүткөн. Ирандын Тажикстандагы элчиси Насер Сармади Парсанын айтышынча, береги кан жол пайдаланууга берилсе, эки өлкө арасындагы соода-экономикалык байланыш дагы жакшырат. Былтыр эки өлкө 100 миллион долларга соода кылган.

Президент Хатаминин сапары, Тегерандык талдоочу Дауд Гермидас Баванддын айтышынча, Ирандын Борбор Азия өлкөлөрү менен экономикалык алыш-беришин бекемдөө аракетинин чагылдырат:

-Иран Тажикстан менен тыкыс кызматташуу жөнүндөгү оболку мерчемине –Түркия менен атаандашып жаткан шартта - акырындап канааттанбай калды. Өткөн тажрыйбаны үйрөнүү менен соода-экономикалык кызматташуу Тажикстан жана Борбор Азиянын эли үчүн кандай керек болсо, Иран үчүн да ошондой керек деген тыянакка келдик.

Женевадагы Эл аралык изилдөөлөр борборунун профессору Мохаммад-Реза Жалили Иранды Борбор Азия менен туташтырган даңгыр жол эң алды Тегерандын узак мөөнөттүк кызыкчылыгына ылайык иш деген пикирде:

-Ирандын стратегиялык кызыкчылыгы да бар. Тажикстанды Ооганстан аркылуу Иранга туташтырган жолдорду, көпүрөлөрдү жана башка байланыш инфраструктурасын реконструкциялоо бүтүндөй Азияны камтыган байланыш жолун түзөт. Кийинки кезек Кытайды Тажикстан, Ооганстан жана Иран аркылуу Европа менен байланыштырган транспорт коридорунда.

XS
SM
MD
LG