Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:00

«Арнамыс» Бишкек шаардык кеңешке 22 талапкер көрсөттү


БИШКЕК. Бүгүн «Арнамыс» партиясынын Бишкек шаардык конференциясы өтүп, анда шаардык кеңешке депутаттыкка 22 талапкер көрсөтүлдү. Алардын ичинде 12 аял бар. Талапкерлердин катарына кыргыз, орус, корей, татар, казак элинин өкүлдөрү кирди. Конференцияга бир катар Эл аралык уюмдардын, жергиликтүү бейөкмөт уюмдардын, Социалисттик «Атамекен» партиясынын өкүлдөрү катышты. Бул тууралуу «Арнамыстын» саясий кеңешинин мүчөсү Сапар Баялинов билдирди. Анын айтымында, республиканын калган аймактарында партия көрсөтүп жаткан талапкерлердин саны тактала элек. Жергиликтүү кеңештерге талапкерлерди сунуштоо мөөнөтү эртең соңуна чыгат.

XS
SM
MD
LG