Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:19

ИНФЛЯЦИЯ БАР… ЖЕ ЖОК


Чолпон Орозобекова , Бишкек Кыргызстанда соңку сегиз айда сомдун наркы жогорулап, инфляциянын көлөмү азайды. Бул тууралуу бүгүнкү маалымат жыйынында Улуттук банктын төрагасы Улан Сарбанов билдирди. Улуттук банктын ырасташынча, өлкөдө товарлар жалпысынан арзандады, бирок коомчулук бул пикирди колдобойт.

Улуттук статистика комитетинин билдирүүсүнө караганда, былтыркы декабрь айына салыштырмалуу бир топ баалар 0,1 пайызга арзандаган. Улан Сарбанов статистика комитетине шилтеме берүү менен бир топ товарлар арзандаганын ырастады. Анын айтымында, коңшу Казакстан менен Орусияда быйыл катуу инфляция болсо, Кыргызстанда тескерисинче дефляция сезилүүдө:

- Эгер Кыргызстанда соңку сегиз айда 0,1 пайыз дефляция болсо, ал эми биздин негизги соода шериктерибиз Орусияда 7,6 пайыз, Казакстанда 3 пайыз инфлияция болду. Андыктан кыргыз товарлары ушунун эсебинен атаандаштыкка туруштук беришүүдө. Башкача айтканда соңку сегиз айда бизде дефляция болду. Былтыркы ушул сегиз ай ичинде инфляцияны башынан кечиргенбиз. Азыр бизде жалпысынан керектөө баалары төмөндөгөнү байкалууда.

Жатык тилге салып айтканда инфляция азайган сайын өлкөдө баалар төмөндөшү керек. Бирок Кыргызстанда нан 7-8 пайызга, эт, шекер өңдүү негизги тамак- аштар 6-7 пайызга кымбаттап атса, ал эми ар бир кыймыл-аракетиң байланган бензиндин баасы 30-40 пайызга жогорулаган күндө кайдагы дефляция деген суроо туулат. Курулуш материалдар болсо 33 пайызга кымбаттаганын Улан Сарбанов өзү да белгиледи. Ушундай кырдаалда инфляция жоголгонун карапайым калк өз жон териси менен кантип сезсин? Бишкектин тургундарынын пикирлерин угуп көрөлү:

- Көпчүлүк товарлар кымбаттап эле баратат. "Шоронун" максымынын стаканы кичирейип, өзү болсо 4 сомго чыкты. Машинасы барлар бензин кымбаттады деп ыйлап атышат. Курулуш материалдары кымбаттады деп үй салып аткандар ыйлайт. Инфляция дегениңерди билбейт экемин, бирок, баалар жогорулап атканын өз көзүбүз менен көрүп атпайбызбы?! Жакында нан, эт да кымбаттады го. Мен деги эле арзандаган жөнүндө уга элекмин,- дейт Бишкектин тургуну Зыйнат Калый кызы.

Ал эми Нарын шаарынын тургуну Кадыркул Бугубаевдин ою мындай:

-Күйүүчү май аркылуу бардык нерсени ченесек болот да. Бензин кымбаттагандан кийин бардык нерсенин баасы жогорулары түшүнүктүү да.

Ошентип, Улуттук Банктын төрагасынын пикиринде сомдун наркы кымбаттап, улуттук валютанын курсу бекемделди. Азыр бир доллар 42 сом 20 тыйын турат. Бир убакта 45-46 сомго чыккан да күндөр болгон. Андыктан сомдун наркы турукташканы байкалууда.

Бирок дүйнөлүк рынокто доллардын куну түшүп, евронун курсу көтөрүлүүдө. Улуттук банктын төрагасы акчаны биринчи кезекте улуттук валюта- сом менен, калганын евро менен долларга бөлүп сактоону кеңеш кылат. Бирок бир валютадан экинчи валютага которууга каршы. Улан Сарбанов анткен күндө ортодо оошкон каражаттан эле уттурасыңар деп эскертет.

Маалымат жыйынында коммерциялык банктардын кудуретүүлүгү тууралуу да сөз болду. "Кайратбанкты" менчиктештирүү жараяны жүрүп атса, ал эми «Ак банк» банкрот деп жарыяланганы турат.

XS
SM
MD
LG