Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Январь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:11

Эмгек жамаатары Жогорку Кеңешке кайрылуу жолдошту


ЖАЛАЛАБАД. Облустагы бир нече эмгек жамааттары Жогорку Кеңешке телеграммаларды, кайрылууларды жиберишти. Ага кол коюшкан Жалалабад шаарынан жана Алабука районунан алты жамааттын 500дөн ашык мүчөсү, мыйзам чыгаруу палатасында 13-сентябрда Шайлоо кодексине киргизилген өзгөртүүлөргө каршы экендиктерин билдиришти. Өзгөртүүгө ылайык шайлоочунун бармагына боёк сүртүлөт. Кат ээлеринин айтымында, бул - шайлоонун адилет жана калыс өтүшүнө ишенбестикти түшүндүрөт. Ал Кыргызстандын адам укугун урматтаган өлкө экендигине шек туудурат. Президент Аскар Акаев мындай мыйзамга кол койбошу керек. Ушундай өтүнүч, талап коюлган кайрылууларды облустагы саясий партиялар менен коомдук уюмдардын өкүлдөрү "жергиликтүү бийлик уюштурган иш" деп баалашууда.

XS
SM
MD
LG