Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:55

БЕСЛАНДАГЫ АЛААМАТТАН КЫРГЫЗСТАНДА ТУУЛГАН МАЛИК АМАН КАЛДЫ


Түндүк Осетиядагы Беслан шаарындагы №1 мектептин окуучуларын, алардын ата-энелерин, туугандарын, мугалимдерин террористтер 1-сентябрдан тартып 3 күн барымтага алышып, көп курмандыктар болду. Алардын катарында Кыргызстанда туулган - 13 жашар Малик Калчакеев да болуп, аман калды. Маликтин аталаш тууганы - Элден Калчакеев Бишкекте жашайт. Элдендин атасы Мурат менен Маликтин чоң атасы Марат бир тууган. Назарыңыздарда Элден Калчакеев менен уюштурулган маек.

- Элден Муратович, Малик сизге кандайча тууган болот?

- Малик - менин аталаш иним, атамдын агасынын небереси.

- Сиз Маликти жакшы билчү белеңиз?

- Ооба, мен аны кичинекей кезинен эле билем, аны багып, чоңоютууга салым кошком. Анан 1999- жылы алар - Маликтин апасы осетин кызы болгондуктан, таякелери менен учурашып келели деп Түндүк Осетияга барышкан. Ошол жерден атасы Маратка жумуш табылып, үй-бүлөсү менен ошол жакта калып калышкан.

- Сиз теракттан кийин сүйлөшкөндө, Маликтин ахыбалы кандай экен?

- 2 күн мурун Малик менен сүйлөштүм, анын айтканына караганда, ал абдан коркуп калыптыр. Түнүчүндө уктай албай кыйналып жатат, дешти. Айрыкча ошол каргашалуу күндү унута албай, коркуп калыптыр.

- Кыргызстанга акыркы жолу качан жана эмне себеп менен келди эле?

- Кыргызстан жергесине быйыл август айынын башында туугандары менен учурашалы, Ысыккөлдө эс алып кетели деген максат менен келген. 28- августта Бесланга кайтып кетишкен.

- Сиздер Бесландагы теракты укканда, кандай абалда калдыңыздар?

- Мен биринчи жолу жумуштан, интернеттен окудум. Ошол эле замат ата-энеме телефон чалдым. Алар Осетияга байкемдикине чалып, бирок эч ким менен сүйлөшө алган жок. Кийинчирээк телефон менен сүйлөшкөндө Маликтин атасы - Марат байкем "баардыгы жакшы, Малик биринчилерден болуп качып чыгып, аман калды", деп айтты. Азыр Маликти айылга - тая энесиникине жибериптир. Ооруканага жаткырбайбыз, ал жерде да бир нерсе болуп кетиши мүмкүн деп чочулап жатышат.

- Малик оор жаракат алган жокпу?

- Малик ошол террордук ааламатта жаракат алган жок, бирок абдан коркуп калыптыр. Ал эми анын досу - Ото катуу жарадар болуп, азыр Москвада ооруканада жатат. Маликтин айтымында экинчи жардыруу болгондо «бул менин жалгыз мүмкүнчүлүгүм» деп качкан. Досу экөө качаары менен террористтер автомат менен ата башташкан. Кудай жалгап, эсен-соо калды.

- Мектепте 3 күн барымтага алынган убакта, кандай кыйноо тартты, ушул тууралуу айтып бердиби?

- Ооба, Маликтин айтымында, террористтер аларга суу бербей, эч жакка жылдырбай, бир орунда отурдук дейт. Абдан кыйналдым деди. Маликтин карындашы Фатима да ошол мектепке барат да. Бирок ал кичине кечигип калгандыктан мектепке кире албай калган. Фатима экинчи класска барат. Өзү ушундай кичинекей, жакшы чуркай албайт. "Эгерде карындашым да жанымда болсо, анда экөөбүз тең кача албай калмакбыз" деп айтты.

- Бесландагы окуяга чейин Маликтин мүнөзү кандай эле?

- Буга чейин келгенде абдан шамдагай, шок бала болчу. Ал эми азыр абдан коркуп калыптыр.

- Эми ушул окуядан кийин Маликтин ата-энесинин Кыргызстанга келели деген ою барбы?

- Албетте, Маликтин атасы мүмкүнчүлүк болсо эле келебиз деп жатат. Бесландагы үйүн сата албай жатышыптыр, ал эми Бишкекке келгенге каражаты жок.

Тектеш

XS
SM
MD
LG