Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:35

БАТЫШ ӨЛКӨЛӨРҮ ЭМНЕ ҮЧҮН СЫНДАЛДЫ?


Үстүбүздөгү аптада Брюсселде диний сабырдуулукка арналган чоң жыйын өттү. Европадагы коопсуздук жана кызматташуу уюму каржылаган бул форумда 2001-жылдын 11-сентябрындагы алаамат окуялардан кийин Батыш Европа жана Кошмо Штаттарда мусулмандарга болгон мамиле осолдоп кеткенин исламдын өкүлдөрү жапырт айтышты. Жыйындын катышуучулары Батыштын мусулман жамаатынын радикалдуу жакка оошуна коом өзү да жооптуу деген көз карашты колдошту.

“Эркин Европа/Азаттык” радиосунун кабарчысы Ахто Лобякастын билдиришинче, Брюссель жыйынында ортого салынган суроолордун негизинде мындай тыянак чыгарса болот:

Биринчиден, 11-сентябрда АКШнын шаарларына жасалган террордук чабуулдар, “ал-Каиданын” жана ислам согушчуларынын дүйнө өлкөлөрүндө баш көтөрүүсү Батыш үчүн күтүүсүз болду;

Экинчиден, Батыш бийликтеринде өлкөнүн мулуман жамааты менен мамиле күтүүнүн стратегиясы жок.

Ыстамбулдун Билги университетинин профессору Айхак Каянын айтымында, 11-сентябрдагы апаат Батыш Европанын көпчүлүк мамлекеттери жана ал жакка көчүп барган мусулмандар үчүн чоң сыноо болду. Мисалы, Германиядагы түркиялык иммигранттар арасында радикалдуу маанайдын жайылуусуна көбүн эсе кедейлик, шайлоо укугунун жоктугу жана аларды чет жерлик деп басмырлап-кемсинтүү шыкак берет дейт илимпоз:

- Исламдын кайра күчтөнүүсү – мусулмандарга парламент сыңары саясый институттарга өз өкүлүн шайлоо укугу берилбеген өлкөлөр үчүн түйшүккө айланды деген бүтүмгө келдик.

Италиянын Тристе университетинин профессору Халед Фуам Аллам Европа өкмөттөрү өздөрүнүн мусулман букаралары менен кантип мамиле курганды, алар менен кантип иштешкенди белбегенине көңүл бурат. Европада жашап жаткан 15-20 миллион чамалуу мусулман жамаатынын коомго камыр-жумур аралашып кетиши, Европа менен мусулман дүйнөсүнүн болочок алакасы, Түркияны Евробиримдикке кабыл алуу же сыртта калтыруу - европалык мусулмандардын бүгүнкү абалына түздөн-түз көз каранды деген ишенимде профессор Аллам.

Эки илимпоз тең “англо-саксон” үлгүсүндөгү Британия менен Кошмо Штаттарда жашаган мусулмандар Германия жана Британиядагыдай катуу көзөмөлгө алынбаганына, береги “англо-саксон” өлкөлөрүндөгү мусулмандардын жергиликтүү бийликтерде өз өкүлдөрү бар экенин оң көрүнүш деп баалашат.

АКШ жараны, теги ирактык Мага Хусейн айым дүйнөдөгү көпчүлүк мусулмандар кош кабат кысымдан жабыркаганына токтолду:

– Мусулман өлкөлөрүндө жарандардын саясый укугу, экономикалык шарты жок. Дүйнө алга кетип жатканда, мусулман жана араб өлкөлөрү же дымып турушат же артка кетүүдө. Жашоонун азабынан качкан адамдар үй-бүлөсүнө жакшы турмуш издешип, Кошмо Штаттарга же Батыш Европага келишкенде кемсинтүүгө, жектеп-кагууларга, басмырлоого кабылышат.

Мичиган унверситетинин профессору Мага Хусейн айым сөзүн улап, "Батыш Европа өлкөлөрүндөгү арабдарга жана мусулмандарга болгон мамиле мени өтө кейитти” деди жыйында:

-Батыш Европага барып, ал жакта арабдар менен мусулмандар тууралуу пикир өтө осол экенин угуп-көргөн арабдар менен мусулмандар “катуу сынышат”. Биз сыяктуу ашыкча сый-урмат көрүп өскөн адамдарды бул жагдай өтө капа кылат.

Брюсселде өткөн жыйындын башка бир АКШлык катышуучусу, теги араб, кесиби юрист Карим Шора Кошмо Штаттардын өкмөтүн терроризмге каршы күрөшкө өлкөнүн мусулман жамаатын тартпастан, “жалгыздатып бөлүп койду” деп сындады.

XS
SM
MD
LG