Динзарларды ашыкча куугунтуктап, басмырлаган өлкөлөрдүн тизмесине Сауд Арабиясынан башка да Иран, Кытай, Эритерия, Түндүк Корея, Судан жана Вьетнам киргизилген. Иран Мамдепартаменттин “кара тизмесинен” узактан бери түшпөй жүрөт. Бу тизмедеги сегиз өлкөгө каршы Кошмо Штаттары санкция колдонушу ыктымал. Бирок Ак Үй андай катаал чараны буга чейин бир да жолу колдоно элек.
Калкынын көбүн суннилер түзгөн Сауд Арабиясы ыйман эркиндигин тааныган да эмес, коргобойт да деп белгиленет береги докладда. Сунни мусулмандарынын ибадаттарын тутпаган адамдарды Саудиянын ыйман полициясы “кычырата ийге салып” турат. Мындан падышалыктын шийи жамааты айрыкча көп жабыр көрөт. Ал эми исламдан башка диндердин өкүлдөрүнүн укугун коргоо жөнүндө кеп кылып болбойт. Себеби, ким мусулман болбосо, ал падышалыктын жараны боло албайт.
АКШнын эл аралык диний эркиндик боюнча элчиси Жон Хэнфорд “Эркин Европа/Азаттык” радиосуна берген интервьюда кийинки кезде Саудияда абал аз да болсо жакшыра баштаганы сезилет дейт:
- Биз эми гана абалдын оңолгонун сезе баштадык. Бирок ал канааттандырарлык эмес. Ошон үчүн алар (сегиз өлкө) өздөрүнө татыктуу эмес баа алышты.
Жон Хэнфорддун сөзүнчө, Сауд Арабиясы жана Түндүк Корея - бул экөө дүйнөдөгү диний эркиндик жок мамлекеттер. Бул эки өлкөдө динзарлар ар кандай айла-амалдар менен басмырланып, кемсинтилет. Коммунисттик Кореяда элдин диний ибадаттарды аткаруусуна такыр эле чектөө коюлган деп түшүндүрөт Хэнфорд:
-Түндүк Корея – динзарлары өзүн абактагыдай сезген дүйнөдөгү өлкө болушу ыктымал. Бул өлкөдө динзарлар ур-токмокко алынат, түрмөгө салынат, өлүмгө айдалат.
Сауд Арабиясында шийи мусулмандары басмырланса, Иран Ислам Республикасында, тескерисинче, сунни жамааты кысмакка алынат. Иран бийликтери суннилерден тышкары бахаий, иудей, тарса жана мандей жамааттарынын өз диний каада-салттарын ачык аткартпай, куугунтуктап, камап, аларга зобун көрсөтүп турат деп белгиленет жылдык докладда.
Мамдепартаменттин докладында миллиард калктуу Кытай бийликтери Тибеттин бутпарас буддачыларын, кээ бир мусулмандарды, тарса-христиандардын жана Фалунгун сектасынын мүчөлөрүнүн диний жөрөлгөлөрүн эркин аткарууга жол бербестен, аларды абакка салып, уруп-сабаган, ибадатканаларын бузуп салган учурлар арбын экени айтылат.
Коммунисттик Вьетнамда болсо ушу кезде 45 ыйман туткуну абакта отурат. Алар тарса, будда жана Түштүк Чыгыш Азиянын диний секталарынын мүчөлөрү.
Бурма мамлекетинде да бутка сыйынган буддачылар, тарсалар жана мусулмандардын укуктары басмырланат.
Африканын чыгышындагы Суданда да мусулман эмес калктар кемсинтилип, кордолот. Коңшулаш Эритерияда ортодокс тарса, мусулман, католик жана евангелист-тарса жаматтарынан башка диндердин өкүлдөрүнүн ишмердүүлүгүнө тыйуу салынган.
Мамлекеттик катчысы Колин Пауэллдин айтышынча, Кошмо Штаттары диний эркиндиктин абалын чагылдырган изилдөөнү жарыялап, башка өлкөлөрдү динзарларга түшүнүүчүлүк менен мамиле кылат деген үмүттө:
-Бул доклад ыйман маселесине көңүлдү буруу менен, Америка өз ишенимин эч куугунтугу жок тутууга жетишкен адамдарды колдоорун шарданалайт.