Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:13

ФИФАнын ПРЕЗИДЕНТИ ЙОЗЕФ БЛАТТЕР КЫРГЫЗСТАНГА КЕЛДИ


16-сентябрда Эл аралык футбол федерациясынын президенти Йозеф Блаттер менен Азия футбол конфедерациясынын президенти Мухамед бен Хаммам Кыргызстанда болуп, Бишкектеги жасалма кыртыштуу футбол комплексинин ачылыш аземине катышты.

Бүгүнкү күндө дүйнөдөгү таасирдүү ФИФА уюму 232 өлкөнүн башын бириктирет. Кыргызстан эгемендүү мамлекет болгону 1992-жылдан бери ФИФАнын мүчөсү. Эл аралык футбол федерациясынын 1 миллион долларлык демөөрчүлүгү менен өлкөдө бул оюндун таасири артып, Кыргызстандын тарыхында биринчи ирет Бишкекте жасалма кыртыштуу футбол аянтын, Улуттук борборду курууга көмөк көрсөттү. Борбордун ачылыш аземинде ФИФАнын президенти Йозеф Блаттер мындай деди:

- ФИФАнын түзүлгөнүнө 100 жыл толгон учурда Кыргызстанда «Гол» долбоорунун алкагында жасалма кыртыштуу стадиондун ачылышы символикалуу. Ошондой эле, улуттук футбол борборунун ачылышына катышканыма кубанычтамын. Кыргызстан эгемендүү болгону кыйынчылыктарга карабай улуттук футболду өнүктүрүүгө аракет кылууда.

Эл аралык футбол федерациясынын «Гол» долбоорунун алкагында дүйнөдө 200гө жакын жасалма кыртыштуу футбол аянттары курулганын айтуу менен Азия футбол конфедерациясынын президенти Мухамед бен Хаммам буларга токтолду:

- Кыргызстанга ар жыл сайын ФИФА 250 миң АКШ доллар өлчөмүндө грант бөлүп, колдоо көрсөтүүдө. Бул каражат өлкөдөгү балдар футболун өнүктүрүүгө, базаларды чыңдоого, өлкөнүн биринчилигине катышкан командаларга спорттук форма, жабдуу алууга жумшалып жатыптыр. ФИФАнын жардамы менен Бишкекте биринчи жолу жасалма кыртыштуу стадион салынып, эми жайы-кышы машыгууга шарт түзүлдү. Дагы ушул «Гол» долбоорунун алкагында экинчи стадионду Ош шаарында курууга жардам беребиз.

Кийинки жылдары өлкөдө футболго көңүл бурулуп, жаңы клубдар түзүлүп жатканын, ФИФАнын жардамы болбосо алга жылуу кыйын экенин «Шоро» футбол клубунун президенти Табылды Эгембердиев белгиледи:

-Чынында ФИФАнын жетекчилери мурда Кыргызстанга келмек тургай, мындай өлкө бар экенин билген да эмес. Эгемен болуп таанылдык. ФИФА биздин өлкөгө өнүгүп келаткан мамлекет караты жакшы эле жардам берүүдө. Өлкөнүн аймактарына, айрыкча айыл жергесиндеги футболго көңүл бөлүнбөй калды. Айылдык жөндөмдүү балдардын багы ачылбай жүрөт. ФИФА дүйнөдөгү эң бай федерация, андан алынган жардам максаттуу иштерге жумшалса дейм.

Эл аралык Футбол федерациясынын жетекчилери кыргыз футболунун ардагерлери жана машыктыруучулары менен да жолукту. Журналисттердин суроолоруна да жооп берип, Ош шаарында футболдук борбор курууга мэр Сатыбалды Чырмашев 2 гектар жер бөлгөнүнө ыраазычылык билдирди.

ФИФАнын президенти Борбор Азия өлкөлөрүн кыдыруусун улантып, 16-сентябрда кечинде Ташкенге сапар алды.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG