Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:20

МАЛАЙЗИЯНЫН МУРДАГЫ ВИЦЕ-ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ ИСЛАМ ДҮЙНӨСҮ ЖӨНҮНДӨ


Малайзиянын мурдакы вице-премьер-министри Анвар Ибрагим алты жыл мурда ал кездеги өкмөт башчы Махаткир Мохамад менен эрегише кетип, ошондон кийин “бачабаздык кылды” жана коррупцияга аралашты деп соттолгон эле. Анын тарапкерлери менен байкоочулар айыпты адегенден тартып эле саясый жалаа катары баалашкан. Өткөн аптада Малайзиянын Жогорку соту 57 жаштагы Анвардан “бачабаздык жасады” деген айыпты алып салды. Эми “коррупционер” деген жалаа жокко чыгарылса, өлкөнү саясый реформалоону жана мусулман дүйнөсүндө байистүүлүктү ташбыйкаттоону өзүнүн борчу санаган Анвар Ибрагим кайрадан саясый турмушка кошула алат. Полициянын ур-токмогунан алган жараатын азыр Мюнхенде дарылатып жаткан Анвар Ибрагимден “Эркин Европа/Азаттык” радиосунун кабарчысы Брюс Якобс интервью алган.

- Күбөлөрдүн сөздөрү күмөндүү болсо да, сот эмне үчүн Сиздин ишиңизге бир нече жылдан кийин кайра кайрылды? Эмне үчүн “бачабаздык жасады” деген жалааны сот алып салды?

- Биринчиден, бул теребелдеги өзгөрүүлөрдүн белгилери, балким алгачкы жышааны деп ойлойм. Экинчиден, сот жараянына улуттун өзүндө жана тыш өлкөлөрдө, өзгөчө, Юристтердин эл аралык комиссиясы, адам укугун коргоочу топтор жана Эл аралык мунапыс уюмунун кызыгуусу күчтүү болду деп ойлойм. Андан тынчсызданган соттун айрым мүчөлөрү ишти кайра кароо сотко болгон урмат-сыйды жана ишеничти жакшыртат деп чечишти.

- "International Herald Tribune" гезити жазганга караганда, Сиз мусулман жана Батыш дүйнөсүнө сын көз менен карайт экенсиз. Ошол проблемалар боюнча угармандар менен ой бөлүшпөйсүзбү?

- Мусулмандар демократиянын жоктугу, көкөйгө баткан жакырлык, мусулман коомчулугун муунткан жемсөөлүккө көңүл бурушу абзел. Эмне үчүн өзүңдөгү бар балакеттин баары үчүн мурдакы оторчуларды же Батышты каралашың керек?
Саддам жасаган зомбулуктарга эмнеге мулулман өлкөлөрү өз кезинде көзгө илбеди? Бул мусулмандар өздөрү чеччү иш эмеспи. Менин пикиримче, жагдайды эркиндик жана демократия, адам укуктарын жана адамдын ариет-намысын урматтоо аркылуу оңдосо болот.


- Сиз терроризимге каршы согуш Батыш жана мусулман дүйнөсүн дагы да алыстатат деп ойлосузбу?

- Бир аз гана. Бирок саясатчылардын бир жааты “Ислам терроризмине” ашыкча басым жасап жаңылышууда. Менимче, алар террорчулар. Биз “Силер эмне үчүн коммунист–террорчу же христиан-террорчу же израилдик террорчу деп айтпасыңар? Ислам жөнүндө кеп салганда, алар өздөрү айтышпадыбы деп, "ислам террорчулары" дейсиңер. Бул, албетте, жек көрүүчүлүктү жана аябаган түшүнбөстүктү пайда кылат” деген сынды укпадыкпы.

- Сиздин Малайзиянын калкы мусулман дүйнөсүндө эркиндиктин жарчысы болууга умтулуш керек деп айтканыңыз бар. Малайзиянын калкынын көбү азыр либералдуу ислам көз карашындабы же буга келечекте умтулуш керекпи?

- Мен, албетте, далилдерге таянып, көпчүлүк либералдуу жана толеранттуу исламды тандап алган деп айта алам. Бирок алар маалымат каражаттары эркин эмес жабык саясый чөйрөдө жашап жатканын түшүнүү керек. Биз азыр ачык талкууга жана диалогго муктажбыз. Элге өз пикирин коркпой -ийменбей айтып-жактаганга, өкмөт мүчөлөрүн сындап- тандоого мүмкүнчүлүк түзүү шарт. Бул коомду ойготуп дарылоочу идеялардын жаралышына өбөлгө берет.

– Мусулман жана Батыш дүйнөсүн өз ара жакындатуу үчүн Батыш дүйнөсү же Кошмо Штаттары эмне кылышы абзел?

- Кошмо Штаттары өтө күчтүү, аскерий жактан да өтө кубаттуу өлкө жана анын мусулман дүйнөсүн аңдап-түшүнүүсү кыйын экени бизге анык. АКШнын кубаты - түрдүү жамааттардын, ар бир адамдын жана граждандык коомго тийиштүү элементтердин өз эркиндигинен пайдаланып өлкөдөгү саясый кырдаалга өз баасын бере алганында. Эгерде Кошмо Штаттары башка тарапка, анын ичинде мусулмандарга дагы да толеранттуу болуп, алар менен диалогго барууга көнсө, келечекти көздөй өтө кубаттуу кадам шилтенмек.

– Сиз “диалог” дегенде, ага кандай маани бересиз?

- Азыр Кошмо Штаттары Европаны кой, ислам дүйнөсү менен да натыйжалуу диалог кура албаганы чындык. АКШнын жетекчилиги бир тараптуу чара көрө алабыз, дүйнөдө, айрыкча, ислам дүйнөсүндө болуп жаткан кубулуштардын баарына жообубуз бар дебестен, башка тараптын көз карашын угууга даяр болушу керек.

– Сиз Малайзияда болгон саясый окуяларды башка өлкөлөрдө, мисалы Чыгыш Европада бир нече жыл мурда болгон окуялар менен окшоштуруп же салыштырып көрдүңүзбү?

- Менин пикиримде, бул өтө көңүл калтырчу иш. Аны өзүм көрүп жана сезип жатам. Түштүк Африкадан тартып Чехия, атүгүл Индонезияга чейинки мейкиндикте көптөгөн позитивдүү жана кепке татыктуу өзгөрүүлөр болгонуна сиз өзүңүз күбө болдуңуз. Бирок мусулман дүйнөсүндө демократия иштөөдө жана эркиндик урматталууда деп кыйкырууга али эрте. Мусулман өлкөлөрү өтө жакыр өлкөлөрдүн тизмесинде экенин Улуттар Уюмунун Адамзаттын өнүгүү индекси деп аталган изилдөөсү ырастайт.
XS
SM
MD
LG