Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Январь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 15:20

КЫЗЫКТАР ДҮЙНӨСҮНДӨ: АЙДООЧУЛАРДЫН АЙЫБЫ 20 МЛН. ДОЛЛАРГА ЖЕТТИ, ГИННЕС КИТЕБИ МААРАКЕСИН БЕЛГИЛЕДИ


Британиянын тышкы иштер министрлигинин маалыматына караганда, падышалыкта иштеген бардык дипломаттардын ичинен ливиялыктар машинасын туура эмес жерге койгондугу үчүн айыппул төлөөдөн качат экен. Жылына тышкы мекеме Лондондогу чет өлкөлүк миссияларга атайын кат менен кайрылып, жол же башка эрежелерди бузганы үчүн айыппулду төлөөнү өтүнөт.

Бул проблема жалгыз гана Британияда эмес, дүйнөнүн башка мамлекеттеринде да бар. Нью-Йоркто дипломат-айдоочулардын штрафтар боюнча карызы 20 миллион долларга жеткен экен. Жаңы мэр Майкл Блумберг киргизген катаң чаралар гана кырдаалды өзгөрттү.
Вена конвенциясына ылайык, дипломатиялык миссиялардын мүчөлөрү алар иштеп жүргөн өлкөлөрдүн мыйзамдарын урматтоого милдеттүү.

*****

Өткөн аптанын аягында Гиннес рекорддор китеби мааракесин белгиледи. Акыркы 50 жылдын ичинде дүйнөлүк рекорддордун жыйнагы көлөмдүүрөөк, кызыктуурак, сүрөттөр менен көбүрөөк коштолуп калды. Бирок бир нерсе өзгөргөн жок – элдер баягыдай эле китепке кирип, тарыхта калууну эңсешет.

Соңку чыгышында Гиннес башка феномендер арасында дүйнөдөгү эң чоң лимон, чөнтөк блокнотундай кичинекей ит жөнүндө маалымат берет.
Китепин алгачкы саны 1954-жылдын 27-августунда жарык көргөн.

Айтмакчы, жыйнактын өзү да реккорд коюуга жакын. Эң көп сатылган китептер арасында Гиннес Тоорат менен Курандан кийнки 3 орунду ээлейт.
Кээде китепте кызыктуу фактылар менен катар, жумшак айтканда, түшүнүксүз рекорддор катталат. Мисалы, Иллинойс штатынын тургуну Вивьен Уиллер аялдар арасындагы эң узун...сакалдын ээси. Ал эми вирджиниялык Рой Салливан жети жолу чагылгандан аман калган.

*****

Сербиянын билим берүү министрлиги атайын жарлыгы менен мектептерде Дарвиндин эволюция теориясын окутууга тыюу салды. Жергиликтүү гезиттердин бири министрликке шилтеме берип жазгандай, эволюция теориясын “креационизм” же дүйнөнүн Алла Таала тарабынан жаратылганын жактаган теория менен кошо окутулушуна уруксат берилет.

Министр Лиляна Количтин ырастоосунда, эки теория тең догматикалык. Бул жагынан алар бири-бирине окшош. Мугалимдер болсо мындай жарлыкты акылга сыйбас катары баалап жатышат.
Креационизм теориясына ылайык, Жер 10 миң жыл илгери жаратылган. Бул теория эволюция процессин жана табигый иргөөнү толугу менен жокко чыгарат.

*****

Айлана-чөйрө боюнча европалык агенттиктин докладына ылайык, алдыда биз аба ырайындагы эң ири өзгөрүүлөргө күбө болобуз. Анын натыйжасы ушул кылымдын орто ченинде толугу менен сезилет. Бирок азыр деле Альпы тоолорундагы мөңгүлөр эрий баштап, өз көлөмүнүн ондон бир бөлүгүн жоготууга үлгүрүштү.

Былтыр кургакчылыктын айынан Европада түшүм жылдагыга караганда 30 процентке аз болду. 2100-жылы абанын температурасы 1990-жылга салыштырмалуу дээрлик 2-6 градуска жылуураак болот деп болжолдонууда. Натыйжада, континеттин түштүгүндөгү дарыялар тартыла баштайт, түндүктө жана түндүк-чыгышта болсо тескерисинче, суу кирет.

XS
SM
MD
LG