Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:15

КАЗАКСТАНДА ПАРЛАМЕНТТИК ШАЙЛОО АДИЛЕТ ӨТӨБҮ?


19-сентябрда Казакстанда парламенттик шайлоо өтөт. Анын жүрүшү жана жыйынтыгы кандай болот деген суроого Кыргызстандык саясатчылардын пикирлери кандай?

Казакстандагы парламенттик шайлоонун жүрүшүнө байкоо салыш үчүн Кыргызстандан өкмөттүн, парламенттин жана бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү жөнөп кетишти. Алардын арасында Кыргызстандын Борбордук шайлоо комиссиясынын төрт өкүлү бар. Комиссиянын коомчулук менен байланыш боюнча кызматкери Нина Мухинанын айтымында, алар парламенттик шайлоодо колдонула турган электрондук жаңы система жана анын натыйжасына кызыгышат:

- Албетте, биз үчүн Казакстанда жаңыдан киргизилген электрондук ыкманын колдонулушу, добуш берүүнү эсепке алуу маселеси абдан кызык. Ошон үчүн Астанага барган эки, Алматыда байкоо салуучу эки өкүл мына ушул маселеге кызыгышат.

Казакстандагы шайлоонун жүрүшүнө бейөкмөт уюмдар да абдан кызыгып, добуш берүүнү адилет кылуу механизмдерине көз салышууда. Бирок мурда жети өкүлүн Казакстанга байкоого жиберүү чечимин кабыл алган «Атуулдук коом коррупцияга каршы» бейөкмөт уюму өз байкоочулардын жиберген жок. Уюмдун жетекчиси Төлөкан Исмаилованын айтымында, ага зарылдык жок болду. Себеби парламенттик шайлоодо өкмөтчүл партиялар менен бийликти жактаган талапкерлердин жеңишке жетээри айдан ачык болуп калды:

- Саясий трансформация мезгилинде бийликти сактап калуу үчүн президент Нурсултан Назарбаев жана кызы Дарига Назарбаева экөө эки жылдан бери даярдыкты катуу көрүшүп, эки өкмөтчүл партияны жарышка салышты. Натыйжада, Дарига Назарбаеванын «Асар» партиясы көпчүлүк жерде элдин колдоосуна ээ болду. Ошон үчүн оппозициянын тагдыры менен мүмкүнчүлүгү аз болуп жатат. Шайлоонун кандай жүрүп, кандай бүтөөрүнө көзүбүз жетип турат. Ушундан улам шайлоодо көзөмөлдөө процессине катышпай, өз өкүлдөрүбүздү жиберүүдөн баш тарттык,- дейт Төлөкан Исмаилова.

Ал эми бейөкмөт уюмдардын «Демократия жана атуулдук коом үчүн» коалициясынын президенти Эдил Байсаловдун пикири боюнча, шайлоонун адилет өтүшүнө бир топ аракеттер көрүлүп, негиздер түзүлдү. Эдил Байсалов Казакстандын Кызылордо областына Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун атынан эл аралык байкоочу катары көз салуу үчүн барып, ал жердеги шайлоочулар, ар кандай маанайдагы талапкерлер жана шайлоо комиссияларынын иши менен таанышып чыкты.

- Ар кандай баракча, маалыматтарды таратууга эч кандай тоскоолдуктар болбоптур. Аны оппозициянын өкүлдөрү да, бийлик тараптагылар да айтып жатышат. Мына ушул көрүнүш азырынча жакшы негиз болуп турат.

Эдил Байсаловдун айтымында, шайлоочуларды кооптонтуп турган бир гана жагдай бар. Ал жаңыдан киргизилген электрондук добуш берүү системасы. Себеби, анын жыйынтыгын бурмалап коюу оңой деген көз-караштар арбын.

Ал эми Жогорку Кеңештин мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты Самат Бөрүбаев шайлоонун адилет өтүшүнөн катуу күмөн санап турат. Анын пикири боюнча, Казакстандын бийлиги өзүнө ылайыктуу гана депутаттардын келишине жол аччу көп аракеттерди жасады:

- Шайлоого баары бир административдик ресурстун таасири күчтүү болобу деген ойдомун. Себеби, бийлик өз саясатын жактаган депутаттардын келишине көп аракет жасады.

Казакстандын Кыргызстанда жүргөн атуулдары үчүн добуш берүүчү жай Бишкектеги элчиликте уюштурулду. Элчи Умурзак Узбековдун кеңешчисининин билдирүүсү боюнча, добуш берүүнүн өз убагында, ачык жана уюшкандыкта өтүүсү үчүн бардык шарттар түзүлдү.

XS
SM
MD
LG