БИШКЕК. Ош облусуна караштуу Алай районунун Сары-Таш айылында 10 килограммга жакын суюктук табылган. Ош шаарында журналисттерге берген маалымат жыйынында республикалык геологиялык экспедициянын түштүк бөлүмүнүн эксперти Үсөн Жолдошевдин маалыматы боюнча ал аскер өнөр жайында жана медицина тармагында пайдаланылчу суюктук жана адамдын ден-соолугуна зыян келтирбейт.
Ош шаарынын Атуулдук коргонуу штабына 8-сентябрда Сары-Таш айылында сымап табылгандыгы жөнүндө маалымат түшкөн. Иликтөөлөр көрсөткөндөй, бөтөлкөгө куюлган бул суюктук сырттан алынып келинген. Андан бери Сары-Таш айылынын тургундарына сымап интоксикациясын алдын алуу боюнча медициналык байкоо жүргүзүлүүдө. Соңку маалыматтар боюнча 330 үй-бүлө, башкача айтканда, 1000ге жакын адам, алардын ичинде 370 окуучу медициналык байкоодон өтүүдө. Сымапты айылга ким жана кайсы жактан алып келгендиги жөнүндө азырынча маалыматтар жок.