Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:23

Жол кырсыгынан 19 киши каза тапты


БИШКЕК. 18-сентябрдан он тогузуна караган түнү саат бирлерде Ош облусундагы Каракулжа-Алайкуу жолунда «КАВЗ» үлгүсүндөгү автобус 26 жүргүнчүсү менен кырсыкка учурап, андан 19 киши набыт болду. Ош облусунун губернатору Накен Касиев «Азаттыкка» буларды билдирди:

- Кырсык түн ичинде Ош-Алайкуу жолунда болуп, 19 киши каза тапты. Алты адам жаракат алган. Алар ооруканаларга жаткырылды. Республикадан дарыгерлер дары-дармектери менен келди. Баарына жардам берилүүдө. Өкмөттүк комиссия да иштей баштады,- деди Ош облусунун губернатору Н.Касиев.

Кырсыкты иликтөө үчүн биринчи-вице-премьер-министр Кубанычбек Жумалиев башында турган комиссия түзүлдү. Каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө бюджеттен 20 миң сомдон жардам көрсөтүү жөнүндө чечим кабыл алынды. Комиссия кырсык болгон жерге жөнөп кетти. Мамлекеттик кызматкерлер, куткаруучулар иштешүүдө.

Акыркы маалыматтар боюнча, автобус Каракулжадан чыгып, Алайкууга 19 чакырым калганда оодарылып кеткен. Каза болгондордун ичинде айдоочу да бар.

XS
SM
MD
LG