Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:49

БУУнун ДАРФУР БОЮНЧА ЖАҢЫ РЕЗОЛЮЦИЯСЫ


Бириккен Улуттардын Коопсуздук кеңеши кечээ, ишемби күнү Дарфур аймагы боюнча атайын резолюция кабыл алды. Уюм Судан өкмөтү оор гуманитардык кырдаалга кириптер болуп жаткан бул аймактагы жанжавиддердин кылмыштуу иш-аракеттерине тез арада чек койо албаса, анда өкмөткө каршы жазалык чараларды көрө турганын эскертти. Он бир өлкө бул резолюцияны колдоду, ал эми Кытай, Орусия, Пакистан жана Алжир калыс калышты.

Африканын мусулман мамлекеттеринин бири Судандын батышындагы Дарфур аймагындагы кырдаал эл аралык коомчулукту тынчсыздантып келет. Бириккен Улуттардын Коопсуздук кеңешинин ишембиде (18-сентябрда) кабыл алган резолюциясы да буга күбө. Резолюцияда эгерде расмий Хартум бул аймактагы зомбулук аракеттерге чек койо албаса, анда Судан өкмөтүнө каршы, асыресе, өкмөттүн колундагы мунайзат өнөр жайына каршы чектөөлөр киргизилиши мүмкүн экени айтылат.

АКШ өкмөтү Дарфурдагы кризисти атайылап тукум курут саясатын жүргүзүү – геноцид деп баалоодо. Судандын Бириккен Улуттардагы элчиси Эл-Фатих Эрва (Elfatih Erwa) мындай бааны четке кагып, БУУнун ишембидеги резолюциясын сынга алды:

- Бул резолюцияны кабыл алууда шашкалактык жана кысым көрсөтүү орун алды. Резолюциянын жападан жалгыз максаты – Американын Конгрессине жагынуу болуп калды. АКШ Конгресси болсо дүйнөнүн ар-намысы жалгыз өзү гана деп санайт. Америкалыктардын оюнча, алар гана дүйнө элдеринин тагдырын чече ала турган ыйык парызды аткарууга тийиш. Иш жүзүндө америкалыктар өз кемчилигин көрө албаган жомоктогу падышанын, жылаңач турганын аңдабаган падышанын кейпин кийгенсийт.

Ал эми АКШнын БУУдагы элчиси Жон Дэнфорстун (John Danforth) оюнча, азыркы Судан өкмөтүнүн Бириккен Улуттардын резолюциясын аткарабыз деген убадасына ишенүү кыйын:

- Менин жекече оюм мындай: Судан өкмөтү жоокерлерин тик учактар менен аттандырып, карапайым кишилерге каршы ок жаадыртып жаткан чакта, бул өкмөткө ишеним артуу кыйын. Башкача айтканда, өкмөт күчтөрү тик учак менен келип, айыл-кыштактардын үстүнөн айланып учуп, карапайым кишилерди кырып жатат.

Мындай кырдаалда, дейт элчи Жон Дэнфорс, Судан өкмөтүн дурус иш кылып жатат деп айтууга эч кимдин оозу барбайт.

Бириккен Улуттардын Судандагы атайын өкүлү Йан Пронк (Jan Pronk) мырза болсо Суданга каршы жаза чараларын киргизүүгө али эртерээк, бирок расмий Хартумга карата катаал эскертүү жарыялоо абзел деп санайт:

- Судан өкмөтү жанжавиддердин зомбулук чабуулдарын ооздуктоо, аларды куралсыздандыруу үчүн, - бери дегенде эле, алардын карапайым кишилерге кол салуусун токтотуу үчүн да, - жетишээрлик иш-аракет кылган жок. Деги бул өкмөт мындай чараларга баргысы келбей жатабы, же мындай иштен жалтайлап жатабы? Же мындай аракет колунан келбейби? Муну мен дагы эле биле албай турам. Бирок эмнеси болсо да өкмөт бул чараларга барууга тийиш. Башкы маселе – дал ушунда.

Орусия менен Кытайдын БУУдагы элчилери Суданга каршы чектөө киргизүү эртелик кылат деп эсептешүүдө.

Дарфур аймагындагы өкмөтчүл араб жоочулары – жанжавиддер менен өкмөт аскерлеринин жергиликтүү кара түстүү калайык менен кагылышууларынын айынан бери дегенде 50 миңдей киши набыт болду, миллиондон ашуун киши өз жеринен качып чыгып, бозгунчулуктун азабын көрүүдө.

Азырынча Бириккен Улуттар Уюму АКШнын бул аймактагы кырдаалды «геноцид» деп айыптоо керек деген сунушун колдой элек. Эгерде БУУ Дарфурда геноцид жүрүп жатат деп тапса, анда Бириккен Улуттар Уюму бул аймакка эл аралык мыйзамга ылайык эл аралык аскер күчүн киргизүүгө милдеттүү болуп калат.

XS
SM
MD
LG