Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:45

КАРАКУЛЖА-АЛАЙКУУ ЖОЛУНДА АВТОБУС КУЛАП, 19 АДАМ НАБЫТ БОЛДУ


Кожогелди Култегин, Ош Ош областынын Алайкуу жолунда жүргүнчүлөрдү ташыган автобус аңга кулап, андагы 26 кишиден 19 адам каза тапты. Кырсыкка байланыштуу мамлекеттик атайын комиссия түзүлүп, анын жетекчиси 1-вице-премьер-министр Кубанычбек Жумалиев Алайкууга жөнөп кетти.

Каракулжадан Алайкууга кетип жаткан "КАВЗ" үлгүсүндөгү автобус өрөөндөгү эң соңку айылга 19 чакырым калганда, тактап айтканда, Алибай Азимкулов атындагы борбордук ооруканага 3-4 чакырым жетпей, кыя жолдо аварияга учураган. Ал жакка вертолет менен кетип бараткан Ош облус губернатору Накен Касиев "Азаттыкка" кыскача мындай маалымат берди:

- Алайкуу жолунда бараткан автобус түн ичинде аварияга учурап, 19 киши каза болуп, алты киши жаракат алды. Азыр комиссия баратат. Айдоочусу да каза таап калыптыр.

Алгачкы маалыматтар боюнча автобус кечки саат сегиздерде кыядан кулап кеткен делип жатат. Айта кетчү нерсе - деги эле жол азабын, жол кырсыгын Кыргызстан боюнча алайкуулуктардай арбын таркан калк жок. Район борборунан Алайкуунун эң төркү айылы Көкартка чейин 125 чакырым болсо, ошонун дээрлик 80 пайызы кыя жолдор.

Каракулжа-Алайкуу жолу мамлекеттик камкордукка, көзөмөлгө алынган эмес. Автомашинанын эки жак дөңгөлөктөрү зорго сыят. "Өлбө жаным, өлбөлөп" каттамай. Өткөн жылы эле августа УВЗ үлгүсүндөгү автомашина кулап кетип, сегиз киши жантаслим болгон.

Быйыл минтип алдын ала алынган маалыматтар боюнча 19 алайкуулук каза таап отурат. Ушундай азап- тозок, кырсыктардан улам соңку жылдары эл Алайкууну таптап, массалык түрдө Ош, Бишкекке көчө баштады.

Ал эми 1998-жылы 1-сентябрда президент Аскар Акаев Алайкууга барып, Канкоргон кыштагында жалпы эл менен жолугушуп, "Каракулжа-Алайкуу жолун бир жыл ичинде толук эларалык стандарт менен ремонттотуп, ал жолдун жүз ачар аземине өзүм Каракулжадан автомашина менен келип катышам" деген. Мамлекет башчынын бул сөзүн укканда алайкуулуктар тебетейлерин көккө ыргыта сүйүнүшүп, Аскар Акаевге ак батасын беришкен эле.

Тилекке каршы, Каракулжа-Алайкуу жолу андан кийин да эч кандай мамлекеттик камкордукка алынган жок. Каракулжа-Ош жолу тууралуу Жалалабаддагы Коммерциялык институттун доценти, Алайкууда туулуп өскөн Сатыбалды Өмүрзаков мындай пикирин айтты:

- Мурун союз убагында жолдорго жакшы көңүл бурулчу. Азыр жолдорго чоң машиналар каттай албайт, эл болсо кыйналып турат. Жайкысын эптеп-септеп эки ай автобусту тобокелге салып эле каттатып койду. Элди бир жагынан Чүйгө, Ошко, Жалалабадга көчкүлө деп жатканы, жол азабынан алты-жети айлап кыштап, каттай албагандыктан айтылып келет. Илгерки элдин айтып жүргөн кебинде "жолду карабаса, жол бүтөлүп калса, биз Кытай менен катташып калабыз" деген мезгил да келип калышы мүмкүн.

Азыр 19 кишиден бирдей айрылып, боздоп-сыздап турган алайкуулуктарды ойлогондо, тээ бир жылы "Кыргызстан мамлекети бизге камкордук көрбөсө, Кытайга ашып кетебиз" деген аялдар тобунун аракеттери аргасыз эске түшөт.

Сүрөттө: Каракулжа-Алайку жолундагы эң татаал бурулуштардын бири.

XS
SM
MD
LG