Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:37

КАЗАКСТАНДА ПАРЛАМЕНТТИК ШАЙЛОО ӨТТҮ


19-сентябрда Казакстанда парламенттик шайлоо болду. Анын жыйынтыгы азырынча толук чыга элек. Анткен менен байкоочулар жаңыдан колдонулган электрондук добуш берүү системасы шайлоочуларды бир топ алагды кылгандыгын белгилишүүдө.

Казакстандын Кыргызстанда турган атуулдары бул өлкөнүн Бишкектеги элчилигинде уюштурулган №142 шайлоо участкасында добуш беришти. Элчинин кеңешчиси Бахтияр Тасымов тизмеге алынган 105 шайлоочу мурдагыдай эле бюллетень таштоо менен добуш беришкендигин жана алгачкы жыйынтыгы тууралуу төмөнкүчө билдирди:

- Бардыгы болуп 84 адам добуш берди. Талапкерлердин ичинен эң көп добушту Алимжанов, ал эми партиялардын арасынан «Отан» жана «Асар» партиялары алды. Башка талапкерлер беш, алты, жети добуштан эле алышты.

Бишкекте турган шайлоочу Калимаш Саниеванын билдирүүсү боюнча, бул жердеги шайлоочулардын көбү телекөрсөтүү аркылуу үгүт иштерин көп жүргүзгөн «Асар» партиясы менен талапкерлерди колдошту:

- Мен өзүм медицина тармагында иштегенден кийин «Асар» партиясын колдоп добуш бердим. Бул партиянын максаты, анын лидери Дарига Назарбаеванын алдыга койгон программа, позициясына караганда калктын абалы жакшырат деген ойдомун.

Бул күнү шайлоочулар Казакстандын парламентинин төмөнкү палатасы Межилистин 80 депутатын шайлоо үчүн добуш беришти. Эл аралык байкоочулардын баамында, шайлоочуларды добуш берүүнүн эки ыкмасы, тактап айтканда, мурдагыдай бюллетень менен жана электрондук добуш берүү деген жаңы система аркылуу шайлоо алагды кылды. Ал тууралуу Европадагы коопсуздук жана кызматташык уюмунун эл аралык байкоочусу катары көз салган «Демократия жана жарандык коом үчүн» коалициясынын президенти Эдил Байсалов төмөнкүчө билдирди:

- Электрондук добуш берүү системасынын көп кемчиликтери көрүнүп калды. Ар бир шайлоо участкасында ондон терминал болсо, саат 10-11ге чейин эле алардын алты-жетиси иштен чыгып калды.

Шайлоого Малайзиядан келип, көз салган байкоочу Абдул Рахман болсо добуш берүүнүн эки түрүн пайдалануу шайлоочуларды адаштырып салды деген пикирде:

- Добуш берүүнүн эки түрүн бир кезде пайдалануу туура эмес, анткени, ал шайлочуларды адаштырып, тандоосун кыйындатты.

Казакстандык көз карандысыз журналист Төлөтай Дамиевдин баамында да добуш берүүдөн эки гана күн мурун киргизилген электрондук добуш берүү системасы бир топ башаламандыкты жаратты:

- Мен Астанадагы көптөгөн шайлоо участкаларында болдум. Анда калктын көбү электрондук шайлоо системасына ишенбегендигин көрдүм. Ошондуктан электрондук добуш берүү абдан аз болду,- дейт Төлөтай Дамиев, - Мындан да өтө кызыгы бул - шайлоого эки күн калганда Борбордук Шайлоо комиссиясы бюллетень аркылуу добуш берүү менен бирге электрондук добуш берүүнү киргизди. Ага ылайык Астанадагы бардык шайлоо участкаларында электрондук добуш берүү системасы коюлду. Ушундан улам көп шайлоо участкалары жакшы даярдана албай калган экен. Анткени, көп адам шайлоочулардын тизмесине кирбей калыптыр.

Төлөтай Дамиев андан ары пикирин минтип билдирди:

- Мисалы, мен өзүмдү тизмеден таба албай койдум. Шайлоо комиссиясына арыздангандан кийин гана, шайлоо участкасында жарым саат тургандан кийин гана тизмеге кирип, добуш бере алдым. Ушундай көрүнүштөр башка участкаларда да көп болуп, өзүн тизмеден таппай, добуш бербей кетип жаткан көп адамдарды кезиктирдим.

Казактандагы парламенттик шайлоодо депутаттык үчүн 623 адам жана 10 партия ат салышты. Булардын канчасы жеңип, канчасы экинчи турда күрөшөөрү тууралуу азырынча так маалыматтар ырасмий айтыла элек.

XS
SM
MD
LG