Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:53

Ийад Аллави менен Тони Блэр сүйлөшүү өткөрдү


Ирактын убактылуу өкмөт башчысы Ийад Аллави бүгүн Лондондо британ премьери Тони Блэр менен сүйлөшүү өткөрдү. Жолугушуудан кийин Аллави эки өкмөт Иракта барымтада жаткан британиялык жана америкалык жарандарды бошотуунун үстүнөн биргелешип иштеп жаткандыгын билдирди.

Ирактын тышкы иштер министри Хошияр Зебари болсо барымтачылардын талаптарын аткарбоого үндөдү.

“Бул – согушкерлерге прецедент түзүп берет”, - деп эскертти ал.

Барымтачылар Ирактын түрмөлөрүндө жаткан аялдар бошотулбаса, Батыштын алардын колундагы 3 жаранын мууздайбыз деген шарт коюшкан.

Премьер Аллави ошондой эле өлкөдөгү коопсуздук абалынын начарлыгына карабай, эмки январь айына белгиленген жалпы улуттук шайлоо өз мөөнөтүндө өтөт деп билдирди: “Демократиялык шайлоо – террористтер менен козголоңчуларга каршы эң жакшы сокку болот”.

Аллави ошондой эле БУУнун Ирактагы ролун кеңейтүү керектигин белгиледи.

XS
SM
MD
LG