Өлкөнүн Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматы боюнча кечээги парламенттик шайлоонун баштапкы жыйынтыктары президент Н.Назарбаевдин "Отан" партиясы 43%, аны улуу кызы Дарига жетектеген "Асар" партиясы 19% добуш алган. Үчүнчү орунда 17%добуш менен байыстуу оппозициядагы "Ак жол" партиясы келе жатат. Казакстандыктар кечээ парламенттин төмөнкү палатасы - мажилисттин депутаттары үчүн добуш беришти. Баштапкы эсептөөлөр боюнча шайлоого добуш берүүгө укуктуу 8,5 миллион адамдын 54%ы эле катышкан. Президент Н.Назарбаевдин өзү кечээ азыркы шайлоонун жүрүшүн ачык жана калыс деп мүнөздөдү. Бирок оппозициянын айрым лидерлери буга макул эмес. ЕККУ да маалымат каражаттарындагы үгүт–насаат иштеринде "Отан" жана "Асар" партияларына артыкчылык берилгенин белгиледи.