Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:55

АЛАЙКУУДАГЫ КЫРСЫК, АМАН КАЛГАН МАЛИК, АЛДАНГАН АМАНАТЧЫЛАР


Бесландагы окуяда аман калган кыргызстандык Малик Калчакеевге жана анын үй-бүлөсүнө Ысыккөл областынын губернатору Токон Шайлиева чакыруу кат жолдоду. Бул тууралуу «Вечерний Бишкек» басылмасында макала орун алды. Мындан тышкары «Агым» гезити Ош облусундагы жол кырсыгы тууралуу маалымдады.

Бесландан Кыргызстанга кайтып келүүнү эңсеген Малик Калчакеев жөнүндө 20-сентябрда чыккан «Вечерний Бишкек» гезити маалымдады. Анда Ысыккөл областынын губернатору Токон Шайлиеванын Кыргызстандын уулуна жазган каты жарыяланды. Катта "Малик, сен үйүңө, Ысыккөлгө кайтып келсең болот. Биз силерге сен чоңоюп, билим алган айылдан үй сатып беребиз, сенин классташтарың да сени күтүшүүдө", деп айтылат. Ал эми басылма "Калчакеевдер чечим кабыл алышып, Кыргызстанга келмей болушту", деп кабарлады.

Гезиттин ушул эле санында мыйзам чыгаруучулар «Renton group” компаниясы боюнча өкмөттүк комиссиянын төрагасынын орунбасары - ички иштер министри Бакирдин Субанбеков, башпрокурордун орунбасары Рустам Исаев, Улуттук банктын башчысы Улан Сарбанов жана Баалуу кагаздар рыногу боюнча мамкомиссиянын өкүлдөрүнүн отчетун укканын жазды.

Эки жарым миңден ашуун аманатчылар 190 миллион сомдон ашык акчаны “Renton group”тун облигацияларына жана векселдерине салып, сызга отуруп калышты. Акыркы бир жарым жылда абышка-кемпирлер чиновниктер алардын акчасын алып качып кеткен шылуун Эдуард Пакты табышат деп үмүттөнүп, Ак үйдүн жана парламенттин жанына пикетке чыгышууда, деп кабарлады басылма.

Жыйын жүрүп жаткан кезде «Рентон групптун» аманатчылары парламенттин эшигинин алдында турушту. Бирок депутаттар кворумдун жоктугунан алардын тагдырын чече алышкан жок.

Ал эми 21-сентябрь шейшембиде чыга турган «Агым» гезитинин кыскача мазмуну менен гезиттин жооптуу катчысы Гуласина Каленова тааныштырат:

-Гезитибиздин биринчи бетин Мелис Эшимкановдун 22-сентябрда болчу "түз байланыш" жаңылыгы ачат. Мындан тышкары, Алым Токтомушевдин «Жолбүгүн» рубрикасы орун алды. Ошондой эле, сессия жаңылыктары, дүйнөлүк кабарлар чыкты. Жакында өтчү шайлоолорго ат салышчулар тууралуу "Мамонттор маршы", Бермет Букашеванын китебинен үзүндү, кабарчыбыз Шайлообек Назаралиевдин «Кыргызстан сүйө турган өлкө эмес» деген макаласы чыкты.

Бүгүнкү «Аалам» басылмасынын негизги макалаларынын мазмуну туурасында басылманын башкы редакторунун биринчи орун басары Кенжебек Арыкбаев мындай деди:

- Биздин кезектеги саныбызда өтүп кеткен токойчулардын күнүнө арналган «Токой – улуттук байлыгыбыз» деген, Талас уулу Семетей уюштурган маек чыкты. «Батыргын баарын жер балбан, бетиңде сансыз жол калган, жолдордо түркүн тагдыр бар, жоголбой жүрсүн тагдырлар» деген рубрикада «Заманкат» деген атайын бет кетип жатат. Анда республикабыздын туш тарабынан келген окурмандарыбыздын койгөйлөрүн камтыган каттар жарыланды. Ошондой эле парламенттеги кабарларыбызга арналган «Биз иштейбизби же иштебейбизби? Иштейбиз да, иштебейбиз деген сөз болобу деген» макала орун алды. Каракулжада болгон жол кырсыгы жөнүндө «Кырсык» деген кеңири материал жарыяланды. Ошондой эле медицина темасында «Кыргызстанда томография барбы?» деген макала бар.
XS
SM
MD
LG