Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 03:01

КАЗАКСТАН: “ОТАН” ПАРТИЯСЫ АЛДЫДА


Казакстанда 19-сентябрда өткөн парламенттик шайлоонун алгачкы санактарына караганда Назарбаевдин “Отан” партиясы алдыда келатат. Ал эми оппозициячыл эки ири партия – коммунисттер менен "Казакстандын демократиялык тандоо" партиясы парламенттин төмөнкү палатасынан орун албай да калышы ыктымал.

Азырынча бюллетендердин бештен бир бөлүгү гана саналып чыкты. Алдын ала жыйынтыктар көргөзгөндөй, “Отан” добуштардын 43 пайызын топтой алган. Өлкөнүн эң ири партиясы буга чейин эле парламенттин эки палатасында тең көпчүлүк орундарды ээлеп келген.

“Отандан” кийин Дарига Назарбаева жетектеген “Асар” партиясы келатат. Асарчылар үчүн шайлоочулардын 20 пайыздайы добуш берген.
Алгачкы жыйынтыктарга ылайык, “Ак жол” партиясы 16 пайыз менен үчүнчү орунду ээлөөдө. “Ак-Жол” оппозициялык партия болуп эсептелгени менен, бийлик менен түз тирешүүгө барууну каалабайт. Жакында анын төрагаларынын бири Алтынбек Сарсенбаев Казакстандын маалымат министри болуп дайындалган.

7 проценттик чектен өтө алган дагы бир бирикме – Граждандык жана агрардык партиялардын блогу болот шекилдүү. Оппозициялык эки саясий топ – коммунисттер менен “Казакстандын демократиялык тандоо” партиясы, алгачкы санактар көрсөткөндөй, 77 орундуу палатага кирбей да калышы мүмкүн.

Казакстандын борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Загипа Балыева "добуш берүү эң жогорку деңгээлде өттү" деп билдирди.

Арийне 300дөй байкоочусун жиберген Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюму бүгүн атайын билдирүү жасады. Анда Казакстандагы шайлоо демократиялык стандарттарга ылайык өткөн жок деп айтылат. Уюмдун координатору Ихор Осташ мындай деди:

- Казакстанда 19-сентябрда болгон парламенттик добуш берүү ЕККУ жана Европа Кеңешинин демократиялык стандарттарын бузуу менен өттү. Бирок мурунку шайлоо менен салыштырмалуу айрым жылыштарды байкадык.

ЕККУ ошондой эле шайлоо комиссиясындагы саясий баланстын жоктугуна байланыштуу камтамачылыгын билдирген эле.

Бүгүн “Ак-Жол” партиясынын жетекчилеринин бири, маалымат министри Алтынбек Сарсенбаев президенте кызматынан чегинүү жөнүндө арыз бергенин маалымдады. Мындай кадам шайлоонун адилетсиз болгондугуна байланыштуу жасалды деди саясатчы.

Шайлоо кампаниясы маалында оппозициялык партиялар бийлик өкүлдөрү өкмөтчүл талапкерлерге добуш бербеген кызматкерлерди иштен айдайбыз деп коркутканын белгилеп, өнөктүк калыс болбойт деген тынчсыздануусун билдиришкен эле. Андан тышкары айрым участкаларда сынак катары пайдаланган электрондук добуш берүү да күнөм саноолорду туудуруп келген.

Оппозициячылардын ырастоосунда, мындай ыкма бурмалоолорго жакшы шарт түзөт.

КМШлык байкоочулар миссиясын жетектеген Владимир Рушайло болсо кээ бир майда эреже бузуулар болгону менен, шайлоо таза өткөндүгүн белгиледи:

- КМШнын байкоочулары жекшемби күнкү парламенттик шайлоо жалпысынан жакшы уюштурулган деп эсептешет. Шайлоо кампаниясы учурундагы айрым кемчиликтер жөнүндө айтылганы менен, алар шайлоочулардын эркин тандоосуна жана жалпы жыйынтыктарга залака тийгизген жок.

XS
SM
MD
LG